Поэтерапия: "Жыртылып жынсылары улам-улам, жыныстык мүчөсүнө аз калыптыр"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасында бул жолу акын Жолболду Султанбек уулу деңиздей чалкыган ыр жана сыр дүйнөсүн чачат.

Жолболду Султанбек уулу 1992-жылы 27-июлда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Карача айылында төрөлгөн. Орто билимдүү. Үй-бүлөдө сегиз бир туугандын алтынчысы. Учурда үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы. "Сүйүү панорамасы" аттуу ыр жыйнактын автору.

ЖЫРТЫК ШЫМ

Жыртылып, түлөп калган шымды кийип,
Сөгүлгөн жемпирдеги жеңди түрүп:
Ичимден кедеймин деп кейигенмин,
Жыртыгын кайра жамап, кайра тигип.

Оо анда, онго деле толбогонмун,
Ошентип бүтүн кийип оңбогонмун.
Чоңойсом жыртык кийбей калармын деп,
Чыркырап канча ирет шорлогонмун.

Көз көрүп андан өткөн кесепетти,
Көздөгөм кийим үчүн келечекти.
А көрсө бай экенмин ошол кезде,
Башкалар жыртык шымга кечээ жетти.

Мезгилдер кыйла жылып, алмашыптыр,
Мен көрдүм, көптүн көзүн май басыптыр.
Жыртылып жынсылары улам-улам,
Жыныстык мүчөсүнө аз калыптыр.

Албайт деп көңүлүнө жыртыктыгын,
Апакем сатып берген кымтып тыйын.
Булардан алда канча бүтүн экен,
Мен кийген ошондогу жыртык шымым.

Жигиттер жыртык кийип дардаңдайбыз,
Жийиркенип жаман жолдон арданбайбыз.
Көкүрөк, киндик тургай кыздарыбыз,
Көчүгүн ачып чыкса таң калбайбыз.

Арбагы бабалардын күйбөшү үчүн,
Азары ата-журтка тийбеши үчүн.
Азыртан чоң аракет жасоо керек,
Урпактын жыпжылаңач жүрбөшү үчүн.

Менин чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамым 5-классымда башталган. Ошол кезден ушул убакка чейин эргүүнүн күчү менен аздыр-көптүр, жакшыдыр-жамандыр чыгармаларды чиймелеп келем. Эргүү мага бала кезимден эле өзү келе баштаган. Менде ыр деген түшүнүк болбосо да эргүүнүн күчү менен чиймелеп жазып, саптарды курай баштадым. Улам жыл өткөн сайын эргүү мени өзүнө арбай берди. Бутумдан тушап, мойнума сыйыртмак салып, өзүнөн алыс кетпегидей кылып көндүрүп, өзүндө жашатып алды.

Туулган айылың тууралуу ыр жаратуу канчалык машакаттуу экенин ушул ырды жазып жатып түшүндүм. Алгачкы саптар мигрант болуп жүргөн кезде жазылган. Ал эми жазылып бүткөн учурда мекендин кучагында жүргөм. Жалпы эки жылдай убакыт талап кылды. Канчалык деңгээлде жаза алганымды, албетте, эл баалайт. Кантсе да төрөлүп, өскөн айылыма арналган чыгармам ушул.

КАРАЧА

Бүт денемден буркурап кара жалын,
Буюкканда түйшүктөн кара жаным.
Көйгөйлөрдүн баарысын унуттуруп,
Көздөн учат суулары Карачанын.

Күлүп өткөн бул жерде бала чагым,
Кечип өскөм айылдын кара чаңын.
Күсөп турам алыста жүргөн кезде,
Күнүн-түнүн, чак түшүн жана таңын.

Гүл жайнаган кооз, кызыл-тазыл жерим,
Көктөм бүтпөс, көрк кетпес жашыл жерим.
Тоо этектеп жайгашкан кең жайыкта,
Топурагы алтындай асыл жерим.

Кошоор бекем уул болуп сага салым,
Кыял менен жакшы ойго жанашамын.
Чыкса экен деп тилеймин Карачамдан,
Чыңгыз, Атай, Калыгул, Баласагын.

Өсүүм үчүн кошушкан мага салым,
Өмүр бою өчпөс ыр жаратамын.
Тегеренип кетемин, тегеренип,
Кең пейилдүү элинен Карачанын.

Ал эми төмөндөгү ырларды алтындай болгон жубайыма, балдарымдын сүйүктүү апасына арноо менен бирге, жалпы аялзатына болгон урматымды, сыйымды билдире кетким келет. Аялзаты бар болгону үчүн жер бетинде жашоо уланып келет.

ЭНЕСИҢ СЕН

Түшкө да кирбеген ал төрөткана,
Турасың куттуу башың жөлөп мага.
Өмүрдө кездешпеген өөн көрүнүш,
Өзгөчө сезимдерин төгөт мага.

Кыйналдың жер жарылып жаткан өңдүү,
Кыйырдан күчтүү вулкан аткан өңдүү.
Кыйкырык кулагымды жарып турду,
Ким бирөө чокмор менен чапкан өңдүү.

Буйдалам, анан кантип таптамакмын,
Билбеймин бул азаптан сак калат ким?
Боор этиң жарылаарын сезсем эгер,
Боюңда болуудан да сактамакмын.

Көздөгү мөлтүрөгөн жашты катам,
Көрсөтпөй ийиниме башты катам.
Эмчеги сыздап жүрүп тапкан мени,
Эсиме түшүп турду байкуш апам.

Аңгыча ыңаалаган үн жаңырып,
Ай, жылдыз, анан калса түн жаңырып.
Ааламга алып келдиң кызыбызды,
Аз калган тирүүлүккө Күн жаңырып.

Тик туруп чоң азапты жеңдиң билем,
Түгөнгүс бакыт мага бердиң билем.
Аялдык милдетиңди өтөймүн деп,
Ааламды алты аңтарып келдиң билем.

Тура албай бир орунда, туйлап алгам,
Турмуштун бүт кубанычын жыйнап алгам.
Шорголоп көзүңдөн жаш агып жатса,
Шолоктоп сенден өтүп ыйлап алгам.

Ыйыбыз Жаратканга жетсе керек,
Ырайымын ушул жолдо төксө керек.
Толготуп көрсүнчү деп берсе эгер,
Тоолор да майдаланып кетсе керек.

Аялдык эркти чыңап келесиң сен,
Азапты сүйүү менен жеңесиң сен.
Төрөттүн дартын чыдап көтөрө алган,
Тоолордон бийик турган энесиң сен.

Кам-кайгы, ой-санаанын урап такты,
Көз жарууң өмүрүмө чырак жакты.
Аталык статусту тартууладың,
Айтайын сага чексиз ыракматты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zamir_kgz
2021-08-20 13:20:50
Азаматсың өнөрүң өркүндөй бер.
+14
Nurpeyil14
2021-08-20 14:52:50
Онорунуз оркундой берсин!
+12
Antiradikal3
2021-08-20 16:23:09
Азамат. Чындыкты жазганына.......
+10
datkayimjan
2021-08-20 18:37:39
Аялына арнап жазган ырына аябай таасирлендим. Калемин курчуй берсин
+9
Ala.too.456
2021-08-20 22:49:20
Ааай красавчик.....
+4
Alishdaman
2021-08-21 00:21:15
Жыртык шымды өтө сонун жазыпсың
+4
kulgutai
2021-08-21 22:36:32
Алга брат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан