SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы акын Сагынбүбү Беркиналиева.
Караанына чөгөлөдүм, мени сүй деп жалынып,
Кадырымдын түшкөнүнө кайыл болдум, жаңылып.
Эркек эмес, муздак көздөр карап турду томсоруп,
Мага айланып ыйлаак күзгү шолоктоду бозоруп.
Сен акылдуу жигит болсоң, сүйбөгөнүң билгизбе,
Көңүл чиркин назик болот, жаман сөзүң тийгизбе.
Моюнумдан өпкөнүңө өкүнбө да, кубанба,
Намыс аял үчүн бийик, эч эсиңден чыгарба.
Төкчү жамгыр, нөшөрлөчү көз жашыма айланып,
Мерес, таш боор муздак көзгө калгансыдым чайналып.
Оор күндөр кагып-силкип, көңүлүмдү калтырат,
Кеткенсидим жалгыздыктын аралына айдалып.
Байкуш аял деп санадың, эй, текебер күндөрүм,
Махабатка жалдыраган акындыкта не жазык.
Эркек деген сыймыктуу зат, ак периште өңдөнүп,
Өмүрүмдө жалгыз гана бир адамды сүйгөнмүн.
Бейкүнөөсүз ырларыма бечелдердей келбечи,
Мени өкүнттү сен жөнүндө жазбай калган жакшы ыр.
Бирок мени акмак аял деп санаба, сезбечи,
Кадырымдын түшкөнүнө кечээ катуу ыйлагам.
Алдап койсоң болбойт беле, бала кыял акынды,
Жакшы көрбөсөң да мейли, жактыргандай түр берип.
Жүзү кара дебейт болчум, махабаттын Кудайы,
Келчи менин ырларыма, андан көрө дем берип.
Түйшүк сизди менден уурдап кызганып,
А мен сизди сагынгандан ыр жазып.
Намыстанып эч бир жанга көрүнбөй,
Ыйлап-сыктап жүрөм Сиз деп жыттанып.
Айоо менен карабаңыз сиз мени
Байкуш аял дебеңизчи суранам.
Кудай болуп жашаңызчы ырымда,
Тагдырыма бир жолуккан Жакшы Адам.
Кадырыңыз билбей кээ бир адамдар,
Жамандашаар, балким сизди жаңылып.
А мен сизге жалаң жакшы ыр жазам,
Анткени сиз өзгөчөсүз, жакшысыз!
Кызыл сүйүү укмуш сыйкыр деги сен!
Кызгалдактар жайнап кетти көңүлгө.
Кылыктанып Кызга айланып кеттим мен
Эми мени жыттагыла сүйгүлө,
Кылыктанып Кызга айланып турам мен!
***
Оо, жаш жигит неге мынча сулуусуң?
Бир сүйгүзүп, жүз айламды куруттуң,
Жуткансыңбы мөлтүрөгөн көз жашың,
Кадыр түндө кайып болгон булуттун.
Эстен танып, акылымдан ажырап,
Үй-бүлөмдүн бар экенин унуттум.
Узак жашап өтөрүңө ишенем,
Ууртуңдан акак күлкүң чачырап.
Сен бар үчүн дүйнө тирүү сеземин,
Аялзатка өлүм келет азыраак.
Ишенип, адамдардын сөздөрүнө,
Шылдыңга калганымды сезбептирмин.
Алданып, суук кара көздөрүңө,
Жомоктогу сүйүүнү издептирмин.
Эркектен ысык мээрим көрө албаган,
Же балким байкуш аял деп санадың.
Калп эле жакшы көрүп, сыйлачудай,
Аямыш этип мени не карадың.
Азаптуу махабаттан акмак болуп,
Акылдан ажырап мен далдырабайм.
Сенсиз да күнүм өтөт билип койгун,
Экинчи эркелет деп, жалдырабайм.
Мыкты акын болгонумда жалбырттаймын,
Кыргызга атак-даңкым бүтүн жарып.
Согушта жеңилбеген албууттаймын,
Ишенем, жеңиш жакын келээрине.
Шашылба мени күткөн узак жолдор,
Алсырап махабаттан чарчап калдым.
Музаны жанга мүрөк сүйүп өпкөн
Тагдырдын жомогундай кабыл алдым.
Өкүнбөчү сулуу кылам, Лира кыз.
Кызгалдактан кызыл көйнөк киебиз.
Желбиретип шамал менен жарышып,
Көк асманга учуп чыгып, бийлейбиз.
Ушудуңбу жылытайын Лира кыз
Бешенеме жазылгандай Музанын.
Махабатка ороюнчу десем да
Сенден бетер өзүм үшүп турамын.
Бийле-бийле токтобочу Лира кыз
Жүз граммдан кагышалы бокалды.
Суранаарым аябачы илебин
Сенден артык курбу эми табамбы?
Бийле-бийле токтобочу Лира кыз
Залды шаңга бөлөп турсун көйнөгүң.
Колдогондой сенин күчүң ырымды
Жараткандын ыйыгындай көрөмүн.