SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Гүлзат Дооранбек кызы болмокчу.
КЕЧ БОЛУП КАЛБАСЫН
Өмүрдөн өтсөм эгер,
Убайым жебегиле!
Жалгандан мактап мени,
Жакшы эле дебегиле!
Мезгилсиз дүйнө салсам,
Санаага батпагыла!
Пайдасыз мактоолорду,
Артымдан айтпагыла!
Кош айтып кетсем эгер,
Кайгыга чөкпөгүлө!
Калп эле эл алдында,
Көз жашты төкпөгүлө!
Оо дүйнө сапар тартсам,
Өкүнүп калбагыла!
Майнапсыз жоготуунун
Кошогун салбагыла!
Табытта жатканымда,
Жүрөктөр тилинбесин!
Кеч болуп калган кезде,
Кадырым билинбесин!
Көз жумсам жүрөк токтоп,
Көкүрөк эзилбесин!
Көмүлгөн кезде жерге,
Жоктугум сезилбесин!
Өмүрдөн кош айтышып.
Өтүшүм керек беле?
Жакшы адам болушума,
Куу ажал себеп беле?
Мактоолор жылуу сөздөр,
Кеч келген белек беле?
Баркыма жетүү үчүн,
Жер алды керек беле?
Жашоодо биргелешип,
Жылдыздай жаналычы.
Өмүрлөр өткүчөктү,
Сыйлашып калалычы.
Айтылган жаман сөздү,
Көңүлдөн өчүргүлө!
Байкабай капа кылсам,
Баарыңар кечиргиле?
Дос, тууган, жакындардан,
Мөмөлүү бакты көрөм.
Чын эле бир туугандар,
Баарыңды жакшы көрөм.
АПАКЕМ БЕЙИШИМ БАР
Тутанып күйүп бүгүн от болуп жалындадым,
Ар дайым жыгып жүргөн кайгыга багынбадым.
Өзүмдү эрктүү сезип, мээримге батып турдум,
Анткени бейиш жыттуу апамдын жанындамын.
Жанашып күлкү менен бакыттын жолундамын,
Ар убак уктаса да түшүндө, оюндамын.
Бул ирет эч ким мени сындырып, тепсей албайт,
Себеби коргоп алчу апамдын койнундамын.
Тозокко күйүп дайым кан-жанын берүүчүм бар,
Алыста жүргөн кезде муң тартып кейүүчүм бар.
Көргөндөр бактылуу деп атоого татыктуумун,
Анткени сүйүп турган апакем бешийим бар.
МЕН СҮЙҮҮНҮН СЕЛСАЯГЫ
Күн-түнү кошко салган тулпардай айдоодомун,
Күйүттөн жаным сыздап, шарактап кайноодомун.
Бул күндү артка таштап кете албай баарын кечип,
Сүйүүгө туткун болуп жиби жок байлоодомун.
Аярлап мээрим төгүп өзгөгө жылуу болдум,
Тагдырга калп болсо да жагынып сулуу болдум.
Куйкалап жалынына миң жанчып эзсе дагы,
Аткарып талаптарын махабат кулу болдум.
Бактылуу алып жүрөм өзүмдү эл ичинде,
Жыламын өйдө карап кыялдын тепкичинде.
Жан дүйнөм запкы жеди жеңүүгө күчүм жетпей,
Көп ирет калып калдым сүйүүнүн тепкисинде.
Чар тарап баш аламан күндөрдүн бар аягы,
Өзүмдү таштап салгам, жок болгом мен баягы.
Жүзүмдөн күлкү качып, томсоруп жүдөө тартып,
Аталгам качан эле сүйүүнүн селсаягы.
Кусадан жамгыр болуп булуттан төгүлгөнмүн,
Жаркылдап басып жүрүп тирүүдөй көрүнгөнмүн.
Унчукпай башым ийкеп, алданып уусун ичип,
Сүйүүнүн мүрзөсүнө тээ качан көмүлгөнмүн.
БОЗ ҮЙ ИЧИ ТАБЫТТА АТАМ ЭКЕН
Күздүн таңы тогуз, он аралыгы,
Күтүүсүз үн тур деди... капалуубу.
Жүзү купкуу акырын сурайт менден,
Жүрчү бүгүн айылга баралыбы..?
Жүрөк дароо сезгендей ооруксунуп,
Жаман ойду жолунан тооруп туруп.
Коркуп кетип апама чалдым дароо,
Кол калтырап, көзгө жаш толуп туруп.
Чалсам баары ызы-чуу, бакырышкан.
Жалган сөзгө аргасыз батынышкан.
Мага айтпай ал күнү кабар берип,
Атаң ооруп жатат деп чакырышкан.
Жан дүйнөм өрт, көзүмдөн жашым акпай,
Жамандыкты өчүрүп жалындатпай.
Алаксытып жакшы деп бара жаттым,
Ал ойлорго өзүмдү жакындатпай.
Жан адамга байкатпай катам эчен,
Жол арбыбай санаага батам эчен.
Бүт баарысын боздотуп барганымда,
Боз үй ичи... табытта атам экен.
Ата..!! деген ачуу үн салып улам,
Алым кетип эсимден танып улам.
Акылымдан ажырап жинди болуп,
Азоо аттай жер чапчып башым урам.
Үн ката албай баш салып отурганда,
Үмүт менен катарга кошулганда.
Аскам урап түгөндүм ишене албай,
Атам үчүн жаназа окулганда.
Атамды бир көрөм деп көшөргөндө,
Алдап мени жолотпой бөтөндөрчө.
Эстен танып куладым, чогулган эл
далысына табытты көтөргөндө.
Жолдон чыгып унаасы тайып кетти,
Жоктогон эл топурак салып кетти.
О дүйнөгө атамды ажал колдон,
Октябрдын он үчү алып кетти.