SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасында бул жолу акын Калича Жакыпова ырларынын жаралуу тарыхы тууралуу баяндап берди.
Калича Жакыпова 1984-жылы Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин аяктаган. “Шабыт” эл аралык чыгармачыл фестивалынын лауреаты, Нагима Өтепова сыйлыгынын ээси (Астана, Казакстан - 2014), түрк жаш акын-жазуучулар биримдигинин мүчөсү. Ырлары казак, түрк, азербайжан, англис, орус тилдерине которулуп жарыяланып келет. Бир нече ырларына обон жазылып ырдалып жүрөт. “Эйфория” китебинин автору. Учурда инженер-долбоорлоочу болуп эмгектенет.
Кечириңиз
Жаралгансып бир сизден бул ааламым,
Жан дүйнөмдө жазыксыз убарамын.
Үңүлгөнүм телефон… Жалгыз бөлмө,
Үмүт берип чалбаңыз, суранамын.
Бычактан курч болсо да өтүмүңүз,
Бүгүн баарын унутуп, өчүрүңүз.
Кур кыялды ээрчиген акылсызмын,
Кудай үчүн анымды кечириңиз.
Кезигүүбүз тагдырдан белек эле,
Көңүлдөгү көп ойлор себеп эле.
Бүт ааламым сиз болуп турсаңыз да,
Бирок сизди сүйбөшүм керек эле.
Кол жетпеген алыссыз башка жандай,
Коомайланам, боло албай башкалардай.
Капилеттен жолуксам качып жөнөйм,
Калбайын деп сезимим башкаралбай.
Ашык жанга бардыгы сулуу тура,
Арбалганда арзуунун кулу тура.
Эми тилейм Кудайдан сизди эстебей,
Эрким жетсе экен деп унутуугa.
Күндө тилейм Кудайдан сизди эстебей,
Күчүм жетсе экен деп унутууга…
Эртеӊ кеч…
Күүлөндүм, обон сыӊар чертилбедим,
Күтүүнү түнөк кылган мейкиндемин.
Эртеӊ кеч! Сени мүмкүн сүйбөй калам,
Эгерде билсеӊ, бүгүн эркиӊдемин.
Сыр кылам сыпатыӊды жазганымда,
Сызылып карегимден жаш тамууда.
Азыр сен, "сүйөт" дейсиӊ түбөлүккө,
А бирок эртеӊ, балким, башкамын да...
Ызадан ыйлап өӊдөн азбай анан,
Ырларды арнап сага жазбай калам.
Бактылуу кылып сенче сүйбөсөм да,
Башкага көктөмдөгөн “жазга” айланам.
Анда кеч, апкаарыса гүл жүрөгүм,
Айгине, билем дайым сүрдүгөөрүм.
Өмүргө башымды ийип акырындан,
Өзүӊдү унутууга үлгүрөөрмүн...
Күү болдум. Обонуӊда чертилбедим.
Кусалык ээлеп алган мейкиндемин.
Эртеӊ кеч! Балким, сени сүйбөй калам,
Эгерде билсеӊ, азыр эркиӊдемин.
Эгерде сезсеӊ бүгүн эркиӊдемин…
Кызганыч
Чынын айтсам, түшүнбөйм не көздөдүм?
Чырагына көз арткандай өзгөнүн.
Чамындыдай агып кеттим мухитке,
Чагылыша калган кезде көздөрүӊ.
Кайра неге жолугуштум? Эх, билбейм...
“Кайран жүрөк кайдан сүйдүӊ?” деп тилдейм.
Карегимден жааган жашты жашырып,
Капилеттен өтүп кетчү “өткүн” дейм.
Кепти укпай, кереӊ болуп кулагым,
Кечегимди таппай турган убагым.
Кезиккенде айтып башка кызыӊды,
Кейитпечи, мен өзүңдөн сураарым.
Билем, сенин жашооӊ башка өңүттө,
Бир жан барын жүрөгүӊдө көмүскө.
Болсом эмне ошол селки дебейин,
Билгизбечи, антип мени өкүнтпө.
Өмүр улам убакытка жеӊилет,
Өткөн сайын сезимдерим кемилет.
Жок дегенде кыялданып алайын,
Жалгыз гана "Сүйөт! Сүйөт, мени" деп.
Жетпесем да кыялданып алайын,
"Чындап эле, сүйөт, балким, мени" деп.
Өкүт
Сиз бар жерге баралбай каччу болдум,
Сиз жүрбөгөн көчөдөн басчу болдум.
Сырдаша албай чечилип мурункудай,
Сырларымды ырыма жазчу болдум.
Көргөнүмдө көз жашым тамбасын дейм,
Көп элести көңүлгө салбасын дейм.
Ордун таппай сиз дагы шайыр кыздын,
Оор үшкүрүп муңайып албасын дейм.
Өзгөрүүмдү туйсаңыз, туйгандырсыз,
Өзүнчө бир башка ой кургандырсыз.
Аңдабаган болсонуз арга барбы?
Азап чегип жашаарын курган бир кыз.
Келсе дагы сүйлөшкүм мурункудай,
Кейитемин, өзүмдү куру кыйнай.
Кайра-кайра азгырат элесиңиз,
Калгандыктан жадымда унутулбай.
Сиз бар жерге барчу элем, дилгирленип…
Сансыз күндөр өтүптүр, бир билгеним.
Сүйөөрүмдү жашырып ичтен тынып,
Сезимимди эх аттиң билдирбедим…