БШК жыйынында Курсан Асановдун шайлоонун айкындуулугуна шек санаганы тууралуу арызы каралып жатат

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Бүгүн, 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүүдө. Жыйынга БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов төрагалык кылууда. Жыйынга БШКнын 11 мүчөсү катышып жатат.

Күн тартибиндеги биринчи маселе катары Ош шаарынын №5319, №5320, №5559 шайлоо тилкелеринде шайлоочулардын добуштарын кайра эсептөөнү жүргүзүү жөнүндө каралды.

Бул маселе боюнча баяндама жасаган БШКнын укуктук-камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адилет Шаршеналы уулу төмөндөгүлөргө токтолду.

"БШКнын кароосуна президенттикке талапкер Курсан Асановдон арыз келип түшкөн. Арызда 2021-жылдын 10-январында өткөн шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар болгону көрсөтүлгөн. Тагыраагы №5319, №5320, №5559 шайлоо тилкелери боюнча белгиленген. Алсак, №5319 шайлоо тилкеси боюнча Курсан Асановго 9 адам добуш бермек, анын ичинен 4 гана шайлоочу добуш берген. Арызда добуш берчү адамдардын аты-жөнү, түшүнүк каттары тиркелген. Ошондой эле №5320 шайлоо тилкеси боюнча 6 шайлоочу Асановго добуш бермек, анын ордуна бирөө эле добуш бергени жазылган. Алардын да аты-жөнү, түшүнүк каттары тиркелген. Ал эми №5559 шайлоо тилкеси боюнча бардыгы болуп 7 добуш алган, бирок 15 адам добуш бермек деп, алардын да аты-жөнү, түшүнүк каттары арызга тиркелген. Буга байланыштуу добушту саноонун айкындуулугуна шек санаганын билдирген. Жумушчу топ өз отурумунда арызды карап чыгып, аталган шайлоо тилкелеринде добуштарды кайрадан саноону өткөзүү боюнча чечим кабыл алууну БШКга сунуштап жатат" , - деди Адилет Шаршеналы уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Guliza-86
2021-01-20 11:24:21
Оо жөн эле койбопсузда Курсан мырза,1000-2000 добуш болсо бир жөн,20 га жетпеген добуш үчүн арыз жазбай.Ар ким кабинага киргенден кийин өзү билет да кимге добуш берүүнү.
+3
asan92
2021-01-20 11:34:28
Эл Садыр Жапаровтун популисттик убадаларына алданып кетти.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан