Поэтерапия: "Жыты да жок алигиче түшүнбөйм, Үлпөт тоюм, мунуң кандай кечигүүң?"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку коноктору жаш калемгерлер Бекмамат Аргынбаев жана Кадырбек Аблабеков. Жаш акындарыбыз ырларынын жаралуу тарыхы тууралуу баяндап беришет.

Бекмамат Аргынбаев 1995-жылы Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Финансы кредит факультетин аяктаган. "Чыйыр" китебинин автору.

Шүгүр кылам

Шүгүр кыл алты саныӊ аманыӊа,
Шүгүр кыл бүт жетишкен заманыӊа.
Шүгүр кыл бир тууганыӊ, ата-энеӊе,
Шүгүр кыл ар бир баскан кадамыӊа.

Миӊ ирээт ыраазымын Жаратканга,
Түз жолдон мүдүрүлбөй баратканга.
Ата-энем, бир тууган бар жандап жүргөн,
Кейисем арманымды таратканга.

Жолдо олтуруп кайыр сурап жашагандар.
Жокчулук жанын кыйнап жашаган бар,
Кантсе да адамзаты баары бирдей,
"Кайырчы, кедейлер" деп аталгандар.

Шүгүр кыл күн нурларын чачканына,
Шүгүр кыл жер бетине басканыӊа.
Кээ бирде бул жашоонун өзгөрүлгөн,
Шүгүр кыл бороонуна, аптабына.

"Шүгүр кылам" ырым 2015-жылы жазылса керек эле. Бул ырым көптөгөн ой-толгоолордун негизинде жазылган десем болот. Азыр канчалык бай болбойлу, бар болбойлу жулкунганыбыз жулкунган. Жашоо максатыбызды билбей, акчанын артынан сая түшүп алганбыз. Бардар жашаган жакшы го, бирок акчанын артынан көптөгөн досторду, бир туугандарды жоготуп жатканыбыз маселе жаратып жатат. Ошол ойду толук жеткизе албасам да ырым менен эскертким келген.

Сени сүйгөн сары жигит

Сулуу жүзүң муңкантып көңүлүмдү,
Бир саамга узарткансыйт өмүрүмдү.
Саргайып сагынуудан самап жүрөт,
Сары жигит жаңы бышкан өрүгүңдү.

Чоочуба маңдайында көзү бүтүк,
Жылмайып карап турат сени сүйүп.
Өңү серт болсо дагы көөнү жарык,
Ошол мен сени сүйгөн сары жигит.

Делдейип турган эки кулагыма,
Сын айтып маскаралап, көңүл бурба!
Жупуну болсо дагы сыртым сага,
Чынында сени сүйгөн жүрөк таза.

"Сары жигит" ырымдын тарыхына токтолсок, 2015-жылдары болсо керек эле досторум сары деп көп тамашалашат да. Чынында моюнга алгың келбесе да чычалагандай болбоюн деп ушул ырды жазгам. Сары болобу, кара болобу адам баласынын баарынын сезими бирдей экенин айткым келген. Болочок жубайың кандай болсоң ошол боюнча сүйгөнү жакшы да. Үйлөнгөндөн кийин кара бет капты чечсең жубайың өкүнбөгүдөй болуш керек деп ойлоп жазсам керек.

Үйлөн дешет

Бири түртүп, бири болсо тарткылап,
Күйүмдүү бир жубай ал дейт жакшыраак.
Кызыктырып а үйлөнгөн досторум,
Кыялдантып, ойду бөлүп азгырат.

Телефонду кармап калсам баскылап,
Атам мага ой айтууну жактырат.
Үйлөн балам балаң кошо чоңоюп,
Өзүң менен бой жетет деп шаштырат.

Жүрөм күтүп мен да жүрөк чечимин,
Жыйырма экимде үйлөнөйүн дечүмүн.
Жыты да жок алигиче түшүнбөйм,
Үлпөт тоюм, мунуң кандай кечигүүң?

"Үйлөн дешет" ырымдын жаралуу себеби бардык бойго жеткен жигиттерге белгилүү болгондой эле атам улам тамаша-чынга салып үйлөн дей берчү эле. Анын үстүнө биз жакта да какшык тамашаны жакшы айтышат да. Телефон кармап калсам эле атамдын сөздөрү жөн өтчү эмес эле, сөзсүз тийишип тамашалап өтчү. Ошонун негизинде ырга түшүргөнгө аракет кылгам. Жашап жазган ырларымдын бири десем болот.
Кадырбек Аблабеков 1998-жылы 27-февралда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Молдо Кылыч айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу факультетинин студенти. "Аскердеги толгонуу" китебинин автору.

Аскердеги толгонуу

Күзөттөмүн түнкү саат эки жарым,
Ой жиберип жылдызды чакырамын,
Апа сизди сагынып жазган ырдын
Жылдыздарга окуймун жаңы сабын.

Кабар сурайм жылдыздан сиз жөнүндө,
Жылдыз айтат: "тагдырдын сыз жолунда.
Апаң сени түйшөлүп күтүп турат,
А башкасы, калганы иш оңунда".

Көрөм десем асманда жарык жылдыз,
Күзгү болуп көрсөттү анык ал сиз.
Эки эле ай болду го кеткениме,
Эки жылдык өмүргө карыптырсыз.

Абалыңыз көрүп мен эң кейиштүү,
Өз тандоомо жасадым төңкөрүштү.
Апа сизди карытуу эмес максат,
Ак сүтүңүз актоо эле эң биринчи.

Сыймыктанып апа сиз эл коргосом,
Атам экөөң кубанат деп ойлосом.
Бир нече ирмем кубанып алган менен,
Бир нече саат санааңыз жөн койбогон.

Мейли алсын жаштыкты бериңизчи,
Канча жылга картайтсам өзүңүздү.
Аман чыгып алдыңдан кубантайын,
Ошончо жыл жашарып бериңизчи.

Күзөттөмүн түнкү саат эки жарым,
Ой жиберип жылдызды чакырамын.
Апа сизди сагынып жазган ырдын,
Жылдыздарга окуймун жаңы сабын.

Апа сизди сагынып жазган ырдын,
Жоокерлерге окуймун жаңы сабын.

"Аскердеги толгонуу", "Биздин жол" аскер темасын козгогон ырлар. 2016-2017-жылдары Улуттук Гвардиянын Ардак Кароол ротасында кызмат өтөп келгем. Ошол учурда жазылган ырлар.
"Аскердеги толгонуу" ырын кадимки эле күзөттө турганда түн ортосунда, жоокерлердин баары тынч уктап жатканда аларды күзөтүп жатып жазгам.

Биздин жол

Колдо курал, жондо милдет, жол узак,
Ата - энеге сагынычтуу ой узап.
Басчу жолун басып бүтсө эскилер,
Ар намыстуу жаштар сапка кошулат.

Биз, жоокерлер сапка туруп ар таңда,
Ала-Тоону даңктап обон салганда.
Коштоосунда мамлекеттик гимндин,
Кызыл желек көтөрүлөт асманга.

Командирдин буйруктарын так, анык,
Роталарга бөлүштүрүп такталып.
Сыймык менен тапшырманы жасайбыз,
Так жана эң туура кылып аткарып.

Эне сүтүн элди коргоп төлөйбүз,
Төлөдүк биз кутулдук да дебейбиз.
Мекеним тынч ошон үчүн ар таңда,
Улуу жолго ырдап алып жөнөйбүз.

Колдо курал, жондо милдет, узун жол,
Биз тандаган эң улуу жол, ушул жол.

"Биздин жол" деген ыр жалпы жоокерлерге күч-кубат берүү, калкка жоокерлердин милдетин, алардын бийиктигин көрсөтүү максатында жазылган. Өзгөчө биздин аскердик бөлүктө ар күнү жоокерлердин баары тизилип алып, гимн ырдап, салтанаттуу түрдө желекти көтөргөнүбүз сыймык болчу.


Сүйүү баяны

Жактырам деп кабар айтып сүйүүдөн,
Айланчыктап алыс кетпей үйүңдөн.
Белек берип чуркап жүрүп артыңдан,
Ай айланып анан жообуң билинген.

Азап менен жашытпайм деп Ант берип,
Ар күн сайын түркүн белек алпкелип.
Жан дүйнөнү чырмаштыра байладык,
Болобуз деп түбөлүккө жан шерик.

Турмуш суугу бизди четке какса да,
Бирибизге ойлор менен таптаза.
Сүйүү сунуп туруп алдык ишенип,
Эрктүү сүйүп жетелешип бакчада.

Ай айланды, ай артынан ай өттү,
Күз дарактын жалбырагын түгөттү.
Кош деп айтып мен аскерге жөнөдүм,
Ата Журтка арнаймын деп жүрөктү.

Мен ишенем ошон үчүн коштоштум,
Чачың сылап өзүң жакка кол создум.
Сүйөм сени, күткүн мени келемин,
Болду, болду кереги жок көп сөздүн.

Жоокер болдум, жонго элдик жүк артып,
Курал кармап ата - энемди кубантып.
Мен жоокердей, сен татыктуу түгөйдөй,
Аралыкта болсок дагы сүйө алдык.

Мен элдикмин, элди коргоор жоокермин,
Сен мендиксиң, Ханышамсың оо Перим.
Дем-күч берип, сагындырып жашайсың,
Жүрөгүндө катардагы жоокердин.

"Сүйүү баяны" ырымда аскерге барардын алдында бир кызга ашык болуп, аны менен сүйлөшүп баштап, андан ары мамиле кантип уланганы баяндалат. Сапта жазылгандай жоокерге дем-күч абдан керек болот. Себеби жоокер аябай чарчайт да. Ошол учурда көкүрөктөгү сүйүү дем берет.
Белгилей кетсек, эки акындын ырлар жыйнагы бир китеп болуп чыккан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан