Поэтерапия: "Менин сүйүүм апапак сүттөн болсо, сенин сүйүүң уютку уютууга"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

Бул жолку "Поэтерапия" рубрикабыздын каарманы жаш талант Бекзат Акималиев.

Бекзат Акималиев 2002-жылы 30-ноябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү, 2 агасы жана 2 карындашы бар. 2009-жылы өзү жашаган айылдагы Эргеш Мейманов атындагы №1 орто мектептин босогосун аттаган. Орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, борбор калаадагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинин радио-телевидение жана кино искусствосу бөлүмүнө тапшырган. Келечекте теле алып баруучу болууну эңсеген жаш акын учурда 1-курста билим алып жаткан чагы.

Каарманыбыз ыр жазуу менен 9-классында алектене баштаган. Калеминен жаралган ырлардын басымдуу бөлүгү сүйүү темасына арналгандыктан "Сен сүйүү десе укмуш жазасың. Ата-энеңе деле ыр арнап койсоң боло!" деген жакын туугандарынын тамаша сөзүн көп угарын айтат.

Акындардын ичинен жасап эмес, жашап жазгандардын катарына кирерин айткан каарманыбыз азыркы тапта 19 гана жашта болсо да бир катар поэзия сынактарынын жеңүүчүсү болуп саналат. Маселен, белгилүү акын Мирлан Самыйкожо уюштурган поэзия сынагында баш байгени утуп алган. РухЭш сайты өткөргөн "Аалам алпы Айтматов" аттуу ыр сынагында да байгелүү орунду камсыздаган. Мындан тышкары Кыргызпатент уюштурган "Жети жаш акын" поэзия конкурсун да багындырууга жетишкен.

Биздин сүйүү

Түшүнүшпөй бел байлап урушууга,

Камданбастан кетүүгө, унутууга.

Алсыраган сезимге азык кылып,

Сен да жаным, жардам бер сунушууга.

Менин сүйүүм апапак сүттөн болсо,

Сенин сүйүүң уютку уютууга.

Алпурушуп жүрсөм да кайгым менен,

Өчө элек сезимим жалын деген.

Сактоо үчүн гүлзарын сүйүүбүздүн,

Күрөшөлү ойнобой тагдыр менен.

Сенин сүйүүң буу болуп көтөрүлсүн,

Менин сүйүүм төгүлсүн жамгыр менен.

Болбойт дебей колдоого, кубантууга,

Сөз табалы көңүлдү жубатууга.

Өчүрбөстөн сезимди жүрөктөгү,

Милдеттүүбүз сүйүүнү улантууга.

Сенин сүйүүң кураса отундарды,

Менин сүйүүм ширеңке тутантууга.

Мейли чарчап, мейли чеке тердесин,

Эң башкысы сүйүү соңу келбесин.

Байырлаган тунук сезим жүрөктү,

Не болсо да арман кайгы жеңбесин.

Сенин сүйүүң тамып турса тамчылап,

Деңиз кылуу кантип колдон келбесин?

Жалгыз сени сүймөкмүн

Жаңы ачылып, жаңы түстө түрлөпмүн,

Жылмаюуңдан жаш бүчүрдөй бүрдөпмүн.

60 мүнөт болсо эгер саатына,

61 мүнөт бою сени сүймөкмүн.

Сен аскасың, мен бир булут түрмөкмүн,

Алыс кетпей айланчыктап жүрмөкмүн.

Жайдыр-кыштыр, жаз, жай, күз анан бир мезгил,

Төрт эле эмес, беш болсо да сүймөкмүн.

Жаз, жай, күздүр сага гүлүм термекмин,

А кышында мээримиңе тердепмин.

Болсо эгер февраль айдын отузу,

Ал күнү да сени сүйө бермекмин.

Алгач сага жолукканда билбепмин,

Жаш баладай тартыныпмын, сүрдөпмүн.

Экинчи ирет келсем эгер дүйнөгө,

Анда дагы кайра сени сүймөкмүн.

Сен болбосоң боштук кезип жүрмөкмүн,

Сени сүйүп, гүлзар сымал гүлдөпмүн.

Эки жүрөк болсо эгер денемде,

Экөөндө тең жалгыз сени сүймөкмүн.

Көкүрөктө болсо эгер үч жүрөк,

Үчөөндө тең жалгыз сени сүймөкмүн.

Биздин бакыт

Кандай гана аймактарды кезбегем,

Чын бакытты табуу үчүн тездегем.

Капысынан, байкоосуздан жолуккан,

Менин бактым көптөн бери эңсеген.

Мындай укмуш кереметти сезбегем,

Чоң бакыттын сересинде термеген.

Белек кылып кудуреттүү Жараткан,

Сени мага, мени сага теңдеген.

Жүрөгүңө обонуңдү жазгансың,

Жаным болуп, таңым болуп аткансың.

Мен эле эмес, мендей болуп сен дагы,

Балким, сен да менден бакыт тапкансың.

Кемүүм эми эки болду теңдикмин,

Жомоктонсуң мен ошол жердикмин.

Сыйкыр жомок, бакыт жомок сыяктуу,

Сен да мендик, мен да бүтүн сендикмин.

Белегимсиң, мен да сага белекмин,

Сен керексиң, мен да сага керекмин.

Алтын балык сура десе бир тилек,

"Түгөнбөгөн бактым болсун", - демекмин.

Бакытымсың мен бир кезде күтпөгөн,

Бүт жашоомдун пайдубалын түптөгөн.

Сүйүү менен ишенимден жаралган,

Биздин бакыт өмүр бою бүтпөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Каныкей Амантаева
2021-12-08 10:13:39
Молодец!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан