SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Айзат Адилетова.
Өлө турчу күнүң бар
Кыңк этсең да этпесең да кыры бар,
Кыңыр иштин кырк жылдагы чыры бар,
Уктасаң да уктабасаң күттүрбөй
Ар бир түндүн ата турчу таңы бар.
Тагдырыңдын тарс жыгылган тагы бар
Таштак жолдо өскөн жашыл багы бар,
Өтсө дагы миң жылдардай убакыт
Үйлөсөң да өчпөй турган шамы бар.
Уча турчу чаңдын дагы маалы бар,
Утпай калган жеңиштин да даамы бар.
Саат жебеси тегеренбей калса да,
Кезек келсе бербей калат аары бал.
Учкан куштун коно турган жери бар,
Ар бир жандын бул дүйнөдө теңи бар.
Канча күтсөң, издесең да таппайсың,
Тагдыр берген, бакытыңды терип ал.
Кечикпестен бул дүйнөгө келген бар,
Кезек келсе кете турчу күнүм бар.
Керсейбегин эх, тууганым, жалганда,
Бир күн келип өлө турчу күнүң бар.
Жашагым келип турат
Кара суукка адамзат тоңбосун деп,
Күн асманда чарчабай тийип турат.
Таза сууга балыр чөптөр толбосун деп,
Ак мөңгүсүн Ала-Тоолор кийип турат.
Үп ысыкка куйкаланып күйбөсүн деп,
Үчтүн айы айланып келип турат.
Үшүбөсүн адамзаттын жүрөгү деп,
Түнкүсүн да шооласын ай берип турат.
Курсагы ач, көңүлү пас болбосун деп,
Алтындай дан эгилип, өсүп турат.
Энесиз жаш, душманы кас болбосун деп,
Жылуу мээрим тынымы жок көңүл бурат.
Жакшылыкка кең көмүлүп турса дагы,
Жамандыкка курчалдым дейт адамзат.
Чар тараптан мээримден чеп курса дагы,
Жүрөк үшүп, куурадым дейт адамзат.
Миң жылдыздуу ыңгай түзүп берсе дагы,
Жакшылыкты байкай албайт адамзат.
Суусаба деп тунук булак берсе дагы,
Сүзө албайм деп чөгүп жатат адамзат.
Жашоо күрөш, аракет талап кылат,
Миң жылдык арчаны ак барак кылат.
Бул дүйнөдө жашагысы келген адам,
Айласын алты издеп, балким, табат.
Мейли суук, мейли ысык куйкаласын,
Бул жакшыны саналуулар байкап турат.
Мүмкүн болчу дүйнөлөрдүн эң сонуну,
А мен дайым жашагым келип турат.
Эгер билсем
Жайбаракат таштап кадам жашоого,
Кечээ эле кас-кас туруп басканбыз.
Алды бүгүн жашоо бизди сабоого,
Чоңоюуга эмне мынча шашканбыз?!
Эгер билсем жашоо күрөш экенин,
Бекемирээк курал-жарак тапмакмын.
Күтүлбөгөн сыноолору көп десе,
Ок өтпөгөн кийим кийип басмакмын.
Жашоо мындай түнт экенин билгенде,
Бала кезде күлүп-күлүп алмакмын.
Чоң жашоодо убакыт тар дегенде,
Бал уйкуну камдап уктап алмакмын.
Окуудан соң иштээримди билгенде,
Анда көчпөй классымда калмакмын.
Арабаңды өзүң тарткын дебесе,
Апакемди ээрчип тойго бармакмын.
Бирок жашоо дал ушундай турбайбы,
Дайым кыймыл, алга гана умтулган.
Наалыганды токтотоюн бул - кайгы,
Жашайынчы мүнөттөрүн жуурулган.
Турмуш деген өйдө-ылдый гана эмес,
Ийри-муйру, ысык-суук да турбайбы.
Чак эмес же кенен эмес, тар эмес,
Таң калычтуу кайдан таптык бул жайды?!
Балким, жашоо табышмактыр жообу жок,
Өмүр кыска жашап калгын үлгүрүп.
Бой көтөрүп болбойлучу обу жок,
Сезип калгын, жаштык кетет жүгүрүп.
Нуру жок адам
Капыстан чыктым, түндөсү сыртта басканга,
Он кадам таштап, ойлондум артка кайтканга.
Караңгы кандай болоорун билген жанмын го,
А бирок бүгүн өзгөчө, такыр башкача.
Адамдын жүзү айрылган эбак күлкүдөн,
Ач бөрү сымал кабагын карыш бүркөгөн.
Ичинин тары, көзүнүн ачы чен жетпей,
Куулугу анын айырма эч жок түлкүдөн.
Өкүнүч ашып, үшкүрүк катуу угулат,
Өлгөндөй эгиз туулган аппак тун улак.
Саратан жайлап, абасы жылуу болсо да,
Караңгы, муздак, бүт оюм сага бурулат.
Үшүдүм катуу, жылуулук таппай басканга,
Үмүтүм жанып кете албай жарык тапканга.
Үлбүрөп турат, мурдагы кезди элестеп,
Эринин тиштеп, ызасын нары катканга.
Үмүтүм өчпөй, сурашат улам "Жаз кана?",
Күтөйүн дедим жылмаюу коюп тасмалга.
"Кара" деп жылдыз ай менен бирге жымыңдайт,
Адамдын нуру качкан го бийик асманга.