Порталыбыздын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы жаш акын Эрнис Түмөнбаев болмокчу.
Жаш акын Эрнис Түмөнбаев 1988-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш шаарчасында төрөлгөн. 2014-жылы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын салттуу музыка жана фольклор факультетин аяктаган. 2014-жылдан тарта Москва районуна караштуу Беловодск айылында Мукан Рыскулбеков атындагы балдар өнөр мектебинде эмгектенип келет. "Кыл кыяктын көз жашы" (2013) ыр жыйнагынын автору. "Данакер Лингво" маданий-илимий коом тарабынан Мамлекеттик тил, улуттук маданиятты өнүктүрүп, каада-салт, үрп-адатты жайылтууга кошкон салымы үчүн күбөлүк жана төш белги менен сыйланган (2017).
Акындын көптөгөн ырларына обон жазылып, учурда белгилүү кыргыз, казак ырчылар тарабынан аткарылып келет.
Айылдагы кыш
Күпүлдөтүп көң, тезек калап коюп,
Мал жандыкты короого камап коюп.
Эттен асып казанга боркулдатып,
Терезеден эшикти карап коюп.
Коломтонун жанында олтурушат,
Чокойлорун апалар жамап коюп.
Жайда салкын, өзгөчө кышында суук,
Кары калың, шамал бетти тысылдатып.
А түндөсү керемет бир көрүнүш,
Ай толгондо жылдыздар жымыңдашып.
Анда аталар бозодон жутуп коюп,
Комуз чертип эргишет кыңылдашып.
Буулуккан булуттар
Күн шооласын булуттар жаппагыла!
Күздө, кышта муктажмын аптабына.
Жаным кейип турганда ансыз деле,
Жашыңарды жамгырдай чачпагыла.
Жарыгымды булуттар тоспогула,
Жалынайын түнөрбө токтогула.
Мөгдөп турам өзүмө өзүм батпай,
Мөндүр менен өтүнөм сокпогула.
Күн нурлары үзүлүп сынбагыла,
Көзүңөрдү көзүмө ымдагыла.
Жылуулукту эңсеген жүрөгүмдү,
Жылт-жылт этип жылмайып тыңдагыла.
Боордошторум
Жүрөгүмдөн арнап ырды турам чын,
Суусун ичпей таштай муздак булактын.
Аман жүрчү кайда болсоң боордошум,
Ата-журттан атаганат ырааксың.
Мекениңди сагынаарың билсең да,
Аргасыздан кеттиң жериң сүйсөң да.
Ойлойт сени мекендешиң мекендеш,
Океандын ары жагында жүрсөң да.
Ырыскыңды таптың туруп бутуңа.
Кут кетпесин жыган ошол кутуңан.
Билем бирок боордошум өзүңдү,
Баш тартпасың ак калпакчан журтуңан.
Бүт дүйнөгө эркин кирип баткыла,
Кыргызмын деп тааныт Манас айткыла.
Туулган жердин тузу буйруп тилерим,
Ала-Тоого аман-эсен кайткыла.
Жүрөктү жулган сулуулук
Сулуулук эмне экенин, билдим күздө,
Суктандым от бар экен чиркин сизде.
Жүрөгүм, жүрөгүм деп айтпайм эми,
Жүрөктү мен жулдуруп ийдим сизге.
Жарыктык! жылуу карап жайнадыңыз,
Жаркыбайт антип күн да, ай да, жылдыз.
Көздөрүм, көздөрүм деп айтпайм эми,
Көзүмдү көргүс кылып байладыңыз.
Сүйлөгөн сөзүң таттуу балбы, кымыз?
Сүрүлгөн булут болуп калкыдыңыз.
Сөз айтпайм унчуга албайм аттигиниң,
Сиз мени тилден дагы калтырдыңыз.