Поэтерапия: "Жашоомдо жалгыз болуп калбайын деп, Жаныма Жамийланы кошуп алдым"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

Кыргыз телесинин жүзү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Камчыбек менен энеси Сакен карапайым адамдар болушкан. Бактыбек Мамытов 7 бир туугандын улуусу болуп, чоң энесинин колунда чоңойгон. Алгач ата-энесинин кеңеши менен айыл чарба институтуна тапшырган. Бирок сынактан кулап калып, кийинки жылы өзү каалаган Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине окуу үчүн барып өтпөй калган. Ошентип өжөрлүк менен окууга тапшыруу үчүн төрт жыл тынымсыз аракет кылып жүрүп, өзү каалаган окуусуна өткөн. Өмүрлүк жарын дал ошол жерден таап, баш кошкон.

Өмүр бою КТРКда эмгектенип келе жаткан Бактыбек Мамытов маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 2000-жылы кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги, 1993-жы­лы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы "Даңк" медалы, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти жана башка бир топ сыйлыктарга та­тыган.

Сүйүү менен жууп салалы

Тайсалдап башың салып үңүлбөгүн,
Таамайлап тагдыр сага таш ыргытса.
Наалыба эртеңиңден түңүлбөгүн,
Наристем көздөрүңдөн жаш кылгыртпа.

От көзүң жашка чайып муздатпачы,
Оп тарткан табына эңсеп күндө барсам.
Үшкүрүп жүрөгүмдү сыздатпачы,
Үмүттү айланчыктап түнгө калсам.

Оңубас Алыкулдун ырларындай,
Ойлоруң тумандабай таза болсун,
Ооруну сүйүү менен жууп салалы,
Тагдырга бизден ошол жаза болсун.

Бул ырды 1971-жылы жазгам. Жубайым экөөбүз окууга өткөндө таанышып, тайпалаш болуп калдык. Ал кезде студенттерди колхоздун жумушуна жөнөтчү. Бизди тайпабыз менен Нарынга чөпкө жөнөттү. Анан ал жакта Жамийла ооруп калып, ооруканага жатып калды. Мен көргөнү барып келдим. Андан кийин ушул ыр жаралган.

Биздеги сезим

Менде бар сезим сенде бар,
Сезбеген аны пенде бар.
Сен деле деле сезип жүрөсүң,
Сезимден ысык эмне бар?

Эч кимден алып көчүрбөй,
Эпкинин эптеп өчүрбөй.
Эңсеген сүйүүм жаш кезден,
Өзүңдөй болчу өзүңдөй.

Өмүрдү сүрдүк экөөлөп,
Өйдө бир төмөн өтө көп.
Азыр да сени карасам,
Асманда учам көкөлөп.

Менде бар сенде болсо экен,
Көңүлдөр бирге толсо экен.
Көргөндө мени сен дагы,
Көңүлүң учуп консо экен.

Отуна чыдап түтө албай,
Ойлогон ойду бүтө албай.
Асмандап жүрөм дагы эле,
Айланып жерге түшө албай.

Мен негизи атайылап отуруп деле ыр жазбайм, эми акын болбогондон кийин. Кээде эргүү келгенде чиймелеп калам. Жамийлага кошомат кылганда (күлүп).

Тагдыр жолу

Жетимиш жыл илгери балалыгым төрөлүптүр,
Ай өтүп тагдырымдын бешигине бөлөнүптүр.
Бешиктен бели чыгып, тамтуң басып,
Ата-энемдин колтугуна жөлөнүптүр.

Ата-энем кош колумдан жетелешип,
Турмуштун кыл чылбырын бекем эшип.
Тапканын, ташыганын жая салып,
Тамактын таттуусунан жесе дешип.

Балалыктын бакчасында болуптурмун,
Бала кезден бал даамын соруптурмун.
Ошентип ойноп жүрүп өмүр сүрүп,
Он жети, он сегизге толуптурмун.
О анан жигитчилик куракка өтүп,
Алдымдан тагдырымды жолуктурдум.

Тагдырым салкын эле тосуп алды,
Оромпой тээп, кээ бирде отун алдым.
Бирок дагы бир ирет кеңдик кылып,
Босогосун аттаттың окуу жайдын.
Жашоомдо жалгыз болуп калбайын деп,
Жаныма Жамийланы кошуп алдым.

Карап көрсөм төмөн эмес бийиктен,
Тагдырыбыз кошулушуп бириккен.
Анткендиги сенин сүйкүм келбетиң,
Көргөндө эле жүрөгүмдү жибиткен.
Алигиче болуп жүрөм бактылуу,
Сага жетпей калган далай жигиттен.

Бул эми ушундай болуп калды деген ыр. Экөөбүздүн тагдыр жолубузду баяндаган.

Үчүнчү март

Жер баткактап, талаа, тоолор көгөргөн,
Ымыркай жаз үч күн мурун төрөлгөн.
Үч күн бою апам мени толготуп,
Үчүнчү март үрүл-бүрүл төрөлгөм.

Мага апам бул өмүрдү тартуулап,
Апам жазбы же, жаз апамбы талкуулап.
Бүгүн эми той өткөрөм досторго,
Жетимишке жеткенимди каңкуулап.

Үч күн мурун кыш эле го, мурунку ай,
А бүгүн жаз, үч күн толгон ымыркай.
Энелерин эмип улам эркелеп,
Кыр-кырларда оюн салат кулун, тай.

Апасы жок абышкага айланып,
Карылыктын казыгына байланып.
Төрдө отурам баарын көздөн өткөрүп,
Байбичемдин чайын ичип жайланып.
Төрдө отурам тойдун ээси шайланып.

Өзүмө арнаган жалгыз ырым ушул. Өзүмө арнадым деп кайра эле Жамийланы кошуп алыптырмын. Муну жазбасам жазбай калганга окшойм (күлүп).

Ата-энем, туулган айылым

Алмалуунун аязында, аптабында,
Ал турсун топурак чаң, баткагында.
Мээримдүү бир башкача жылуулук бар,
Мен балким, түшүнбөгөм жаш чагымда.

Атама, апама окшош айылымсың,
Андыктан бул дүйнөдө дайынымсың.
Алыстап тагдыр мени алып жүрсө,
Акыры бир кайрылаар байырымсың.

Көкөйдө ата-энемден айрылганым,
Көп болду ата-энем деп кайгырганым.
Кээде бир келип калсам тобо кылам,
Анткени ата-энемдей айылымдамын.

Адаммын, айылымдын тамчысымын,
Ата-энемдин артында жарчысымын.
Арзыбасам жок дегенде босогого,
Атакем илип кеткен камчысымын!

2000-жылы 50гө толгонумда айылдаштарымдын атынан Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Байыш Курманов келип мени куттуктап, Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн "Ардактуу атуулу" наамын бергенде, толкунданып, кубанып ушул ырды жаздым эле. Ким эле өзү туулуп өскөн, балалыгы өткөн айылын сагынбасын, ата-энесин, айылдаштарын ойлобосун. Азыр бул ырга Кыргыз Республикасынын Эл артисти Улукмырза Полотов обон жаратып ырдап жүрөт.

Бактыбек Мамытов: “Сүйүү менен курулган үй-бүлө бекем болот“

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhazgul98
2021-03-19 15:04:46
Билимдуу менен акындын алдында кен аалам созулуп жатат: билимдуу өтүп кетсе, ал акылман болот, акын өтүп кетсе, ал пайгамбар болот. Акын булар Кудайдан келген пайгамбар деп кыргызда бекер айтылбаса керек. Акындарды даназалаш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан