ПОЭТЕРАПИЯ: "Мелтиреген бийик, таза дүйнөңдөн, мээрим тапкам...күйүп турган күн көргөм"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Махабат Алымбекова болмокчу.

Махабат Алымбекова чыгармачылыкка 2002-жылдан баштап аралаша баштаган. Бирок 2005-жылдан баштап чыгармачылыктан алыстап кетип, 2016-жылдан кайрылып келген, негизги багыты проза жазуу. 2008-жылдан баштап мугалимдик кесип менен алектенип келет.

"Эски мазар"

Эрте жаз. Баар жытынан,
айлымдын,балалыктын жытын искеп,
Эреркеп кетем анан,
Эбаккы энекемдин мээрин издеп...
Элестер, элестер эй!
Жанды эзип,сагынычка сакчы болгон...
Кайтарып кадам жылбай,
Ошондон жүрөгүмө куса толгон,
Баарына кайыл болгон,
Эх, менин балалыгым бакты толгон!

Айылдын аягында,
бар эле эски мазар кароосу жок,
Тебелеп-тепсеп аны,
мал жүрчү, балдар жүрчү кечке ойноп,
Кышкысын чана тээп,
А жазда байчечекей терип кээде,
Үй жасап таштан тизип,
Томпойгон жашыл чымдуу бейиттерге,
Маркумдар жаткан жайдын
Үстүндө тирүүчүлүк шаңдуу эле...

"Бүт боюн сууга салып"
Ак көйнөк кийип алып арууланып,
Чоң энем мени ээрчитип,
Ар жазда баруучу эле бата тартып,
Жаңы эле баш көтөргөн,
Көк чөптү көзгө сүртүп,сырдуу жашып,
Күбүрөп куран окуйт,
Көздөрү көлкүлдөгөн муңга батып...
Элирген ойноок кездин,
Сезими азга болсо "селт" дей катып,
Үн дебей угаар элем,
Шыбырын чоң энемдин дилге жатык...

Чоң энем... Энекем ай!
Мээрими жандан башка таптаза эле!
Сезчүмүн тээ түбүндө,
Чын эле адамдардан башкача эле...
Оозунан келме түшпөй,
Колунан теспе түшпөй басса-турса,
Боюна куп жарашкан,
Карылык жада калса сулуу, нуска!

"Тумарым мойнумдагы"
Дечү да, жетелечү кайда барса,
Дүйнөнү тааныштырды,
Шашпай да, шаштырбай да анан калса...

Түйшүктүү кээ бир түндө,
Түшүмө кирип чыгат эски мазар,
Төгүлүп ыйлап алам,
Аттиң эй, ал күндөрдөн алыстагам,
Сагынып эне жытын,
Сагынып күн жыттанган балалыкты,
Балалык үнү менен,
"баа" этип жаргым келип ай-ааламды..!
Муштумдай ушул жүрөк!
Кең дүйнө чалкып турса кысыласың..
Качанкы элестерден,
билбеймин, кантип, качан кутуласың!

Энекем...Эски мазар...
Жазында жайнап чыкчу байчечектер!
Күн жыттуу балалыгым...
Эсимден кетпейсиңер...кетпейсиңер.

"Эски мазар" ыры студент кезде, тактап айтканда 2-курс кезимде жазылган. Үч-төрт жашымдан баштап чоң энемдин колунда чоңойдум, азыр эстесем чоң энем ушунчалык аруу, пакиза аялзаты болгон экен. Мени көзүнүн карегиндей аздектеп жүрүп чоңойтту. Ырда айтылгандай эле биздин айылдын этегинде илгеркиден калган эски бир мазар боло турган, элдер анын "мазар" деп атаганы эле болбосо күнүмдүк жашоодо ал жерде мүрзөлөр бар экени унутулуп, ошол аянтчанын дал үстүндө биз, бала-чака кудайдын куттуу күнү ойночубуз. Элдин мал-жаны да ошол мазар үстүндө жайылып жүрөр эле, аянты чоң, жерден бир аз бийигирээк, үстү көйкөлгөн чөп, ар кай жеринде дөбөчөлөр... Анан ойногон биз. Ар бир жазда чоң энем ошол жерге барып куран окуйт эле, албетте, мени ээрчитип алат. Куран окуш үчүн барарында да чоң даярдык көрчү, боюн сууга салып, тазарып, аппак көйнөгүн кийип анан барчу. Билинип-билинбей эле ушунун баарын көрүп өскөнүм мен үчүн да чоң таасир калтырган экен. Балалыкка кылчайсам алгач эле ушул нерселер көз алдыма тартылат, ошондой учурларда жазылган ыр.

"Акынга"

Көр дүйнөнүн көр кейишин туйбаган
Бир өмүрү бир тагдырга сыйбаган,
Аша кечкен арманынан, багынан,
Акын көрдүм. Жандын ырын ырдаган...

Сыясынан сырдуу муза агылат,
Сыбызгы үн, аалам тепчип жаңырат,
Тагдырынын ташпишине бой бербей,
Такыр башка жашоолорду сагынат...

Мезгилдери үмүттөргө уурдалган,
Мелтиреген, тунжураган бул аалам
аябассың... Сени дагы аябас,
мейкиндик бар... Жандын ыры ырдалган!

Мен өмүрдөн жүз үйүргөн мезгилде,
Акын көрдүм. Жандын ырын ырдаган...

"Акынга" аттуу ыр, ушул күндөрдөгү эле замандаш бир улуу акынга арналып жазылган ыр. Башыма келген оор күндөрдүн түйшүгүн тең тартышып, акыл-кеңешин айткан, адамдык мээрин төккөн, жоголуп бараткан ички духумду мурдагыдан эки эсе күчтүүлөтүп кайрып берген, өзүмдү өзүмө кайра баштан тааныштырган улуу акын эжем. Өзүм анын поэзиясын издеп окучумун, ырлары укмуш. Адам катары да, акын катары да баалоом чексиз... Ушул саптарды ага арнап жазгам.

"Өмүрлүк жарга"

Мелтиреген бийик, таза дүйнөңдөн,
Мээрим тапкам...күйүп турган күн көргөм!
Билесиңби, бажыраят бар бактым,
Бир жарк эткен...Эх..Ушундай ирмемден!

Делбиреген, делбиреген, делбирек
дүйнөм менин...Аны сенче ким билет.
Эргип, эргип, эбедейи эзилип,
Эч ким сезбес, эч ким туйбас сенчилеп...

Жакшы күндүү, жаз сезимден айрылбай,
Жылдыз жааган жамгырдайым, жамгырдай,
Жамалыма нур себелеп келесиң,
Жаштыгымды жандап жүргөн жакшы ырдай.

"Өмүрлүк жарга" ыры түгөйүмө, жолдошума арналып жазылган. Кудайга миң мертебе ыраазы болом, мага ушундай эс-акылдуу, токтоо анан мээримдүү түгөйдү буюрганы үчүн. Аялды аял бойдон кемитпей, бүтүн сактап турган адам анын күйөөсү эле болот. Жолдошум менин аялдык алсыздыгыма, кемчилигиме, эркелигиме унчукпай түтө билген, кебелбеген жигиттик мүнөзү бар терең адам. Кез-кезде ыр арнап жазам, бирок өзүнө айтпайм, менин майда-баратыма өзү деле кызыга бербейт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан