Түркияда окуган кыргыз кызы: "Чет өлкөдө байдын балдары эле билим алат деп ойлочумун. Көрсө "мен кыла албайм" же "мага жетиш кайдан" деген өңдүү шылтоолор ийгиликтерге жетүүгө бут тосот экен"

Тектеш кабарлар: Ийгилик жаратууга дем берген кыргыз жаштары (51 материал)

Татыктуу билим алып, керектүү адистикке ээ болуу - бүгүнкү күндүн талабы. Ал эми ага жетүү үчүн чет өлкөдө билим алуу чоң эмгекти жана түйшүктү талап кылары айтпаса дагы белгилүү. Биздин бүгүнкү каарманыбыз азыркы учурда Түркия мамлекетинин Стамбул университетинде билим алып жаткан кези. Ал билим алуу менен бирге үй-бүлөлүк жашоосун дагы чогуу алып кетүүдө. Максаттарын ишке ашыруу үчүн талыкпай изденип, аракет менен баарына жетүүгө болорун далилдеген кыргыз кызы Айдай Кыдышова менен болгон маек.

- Айдай саламатсызбы, алгач эле өзүңүз тууралуу кенен маалымат бере кетсеңиз.

- Саламатчылык, аты-жөнүм Айдай Кыдышова. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында төрөлүп, өскөм. Алгачкы билимди №2 Чолпонбай Түлөбердиев атындагы орто мектептен алгам. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, 3 агам бар. Ата-энем азыркы учурда ардактуу эс алууда.

- Кыргыз өлкөсүндө кайсы жогорку окуу жайын аяктадыңыз?

- Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин психологиялык-педагогикалык кеңеш жана көмөк бөлүмүн аяктагам. Азыркы учурда Түркиянын Стамбул университетинде билимимди улантып жатам.

- Кесип тандоо жаатында суроо бергим келип турат. Эмне үчүн психология кесибин тандап алдыңыз?

- Өзүм кесип тандоодо бир чечимге келе албай аябай кыйналгам. Себеби башкалар сыяктуу эле ар кандай кесипти аркалагым келе берчү. Биздин мамлекетте ушундай учурда профессионалдык деңгээлде кеңеш берүүчү психологдордун жетишсиздигинен улам ушул кесипти тандоону туура көрдүм.

Адамдын темпераментине карап, жөндөмдүүлүгүн аныктап, ошого жараша кесиптик багыт берилет. Тилекке каршы, мындай кеңеш берүү биздин мамлекетте жокко эсе. Көпчүлүк мектеп окуучулары Жалпы республикалык тестирлөөнүн баллына карап өткөн окуу жайга же ата-энеси тандап койгон окууга окуй беришет. Ушул көйгөйлөр башымдан өткөндүктөн, ушул кесипти тандагам.

- Чет өлкөгө магистратурага тапшырууда эмнелерди эске алуу керектигине токтоло өтсөңүз.

- Университетте окуп жүргөндө эле магистратурага тапшыруу камын көрүп, өзүмдү ар тараптуу өнүктүрүп, ар кандай коомдук иш-чараларга, интеллектуалдык, китеп окуу сынактарына катышып, ыктыярчылык иштерди аткарып жүрдүм. Анткени чет өлкөгө окууга тапшыруу үчүн бир эле окуудагы жетишкендиктер жетишсиз болуп калат. Жогорудагы айтылган тармактарды тастыктоочу сертификаттарды дагы талап кылат.

- Азыркы учурда билим алып жаткан университетиңиз тууралуу айта кетсеңиз.

- Учурда Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан Стамбул университетинде Евразиялык изилдөөлөр бөлүмүндө окуйм. Университетим тууралуу айта кетсем, бул окуу жай тарыхый жана Түркиянын эң алгачкы университеттеринин бири. Бул окуу жайда убагында "Нобель" сыйлыгын алган эки инсан окуганы мени шыктандырат. Алар химия тармагында "Нобель" сыйлыгынын ээси Азиз Санжар жана адабият жаатында "Нобель" сыйлыгын алган Орхан Памук. Студенттер үчүн бардык шарттар каралган. Коомдук транспорт, музейге кирүү, медициналык кароо жана башка кызматтар студенттер үчүн арзандатылган. Бул окуу жайдын студенти болуу мен үчүн сыймык.

- Стамбул университетине кандай жолдор менен тапшырдыңыз?

- Бул окуу жайга керектүү документтерди топтоп, түз эле университеттин сайтына жөнөттүм. Ошентип бир канча убакыт өткөндөн кийин өткөндүгүм тууралуу кубанычтуу кабарды алдым.

- Чет өлкөдө окууну балалыкта кыялданган чыгарсыз...

- Ооба, чет өлкөдө окууну кимдер гана кыялданбайт. Мен дагы кичинекей кезимден бери эле чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын биринде билим алсам деп кыялданчумун. Бирок ал жакта жалаң байдын балдары же ошол жакта жашагандар эле окуй алат деп ойлочумун. Ал кезде грант, алмашуу программалары жөнүндө эч кандай маалыматым жок болчу. Кийин билдим, биз өзүбүзгө эле ар кандай чектөөлөрдү коюп алып, ошол барьерден өтө албай, "мен кыла албайм", "ага жетиш кайдан" деген өңдүү өзүбүзгө болгон ишенимдин төмөндүгү бизди көптөгөн ийгиликтерге жетүүгө бут тосот экен. Азыр Оксфорддо, Кембриджде, Гарвардда да 100 пайыз гранттык негизде окуган кыргыз студенттери бар.

Стамбул университети


- Стамбул шаарында окуп жаткан кыргыз студенттеринин башын бириктирген атайын уюмдар барбы?

- Ооба, Кыргыз өлкөсүнөн келген студенттердин платформасы бар. Аны 2014-жылы Алишер Имамов деген агабыз түзгөн экен. Азыркы учурда жолдошум Курсанбек жетектеп келет. Платформанын негизинде ар кандай программаларды өткөрүп, Кыргыз мамлекетин таанытып келебиз. 2019-жылдын 13-декабрында залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Стамбул университетинде Кыргыз өлкөсүн таанытуу программасы болуп өттү. Бул программада ректор өзү баш болуп, башынан аягына чейин көрүп отурду. Анда манас айтуу, ыр, бий жана сценка коюлду. Сыртта Чыңгыз Айтматовдун сүрөт көргөзмөсү жана сувенирлер менен чыккан стенд болуп өттү. Иш-чараны мыкты деңгээлде өткөрүп алдык.

- Жашоодо кыйынчылыктар болбой койбойт. Сиз жашоодо татаалдыктардан кантип чыгасыз?

- Кыйынчылыктар болгондо мындай кылыш керек, андай кылыш керек деп айта беребиз, бирок башыңа келгенде ар ким ар кандай кабыл алат эмеспи. Бул нормалдуу көрүнүш. Бардык нерсе убактылуу экенин эстейм, сабыр кылып койсоң өтүп кетет.

- Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?

- Бош убактымды болушунча эффективдүү колдонгонго аракет кылам. Аптасына бир жолу сууда сүзүүгө барам, андан сырткары кулинария жана тил курстарына жазылгам. Окуган бөлүмүмө тиешелүү макала жазуу жана китеп окуу менен убакыт өткөрөм.


- Жогоруда бош убактымда китеп окуйм деп калдыңыз. Кайсы китептерди кайталап окугандан тажабайсыз жана кайсы китептерди окууну сунуштайсыз.

- "Три чашки чая", "Тысяча сияющих солнц", "Бегущий за ветром", "Кишечник и мозг" китептерин кайталап окугандан тажабайм. Башкаларга дагы бул китептерди окууну сунуштайм. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун, Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларын ар бирибиз окушубуз керек деп ойлойм.

- Келечектеги максаттарыңыз тууралуу баяндап берсеңиз.

- Буюрса, келечекке болгон чоң пландарым бар. Магистратураны бүткөндөн кийин докторантурага тапшырып, билимимди дагы тереңдетким келет. Анан албетте, эң негизгиси тажрыйба топтоп, өлкөмө барып кызмат кылуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kairat1996
2020-02-09 19:43:19
Адам бул жашоодо бир гана билимге таяныш керек. Башка асмандан адамга эч нерсе тушпойт.
+4
Birimdik5555
2020-02-10 11:22:19
Азамат кыз,максатына жет
+2
Ajara_13
2020-02-10 12:51:35
Браво, ийгилик)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан