Эркин күрөш боюнча 62 килограмм салмактагы дүйнө чемпиону, Сербияда өткөн Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү, Азиянын 4 жолку чемпиону, бир нече эл аралык мелдештердин алтын медалынын ээси, Дүйнөлүк күрөш уюмунун чыгарган жыйынтыгы боюнча кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбан. Ийгиликтерди арты-артынан жаратып, Кыргыз өлкөсүн дүйнөгө таанытып, кыргыз желегин далай жерде желбиреткен сыймыктуу спортчубуз Айсулуу Тыныбекова тууралуу баян кылабыз.
Туулуп-өскөн жери: Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаары.
Туулган жылы: 1993-жылы 4-май.
Үй-бүлөдө: Беш бир туугандын төртүнчүсү. Эки эжеси, бир байкеси жана иниси бар. Ата-энеси медицина кызматкерлери.
Спорттун түрү: Эркин күрөш.
Машыктыруучусу: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, эл аралык класстагы спорт чебери Нурбек Изабеков.
Жетишкендиктери:
2010-жылы Азия чемпионатында коло медалдын ээси жана жаштар арсында Азия чемпиону;
2012-жылы Лондон олимпиадасынын катышуучусу;
2013-жылы Азия олимпиадасы жана Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк Студенттик олимпиадасында коло медаль;
2014-жылы Түштүк Кореяда өткөн XIV Азия оюндарынын коло байгеси;
2015-жылы Орусияда өткөрүлгөн Олимпиада чемпиону. Иван Ярыгиндин Гран-присинин күмүш байгеси;
2014-2015-жылы Азия чемпионатынын күмүш медалы;
2016-жылы Азия чемпиону;
2019-жылы Дүйнө биринчилигинин чемпиону;
2020-жылы Сербиядагы дүйнө кубогунун жеңүүчүсү;
2021-жылы Польшадагы Poland Open рейтингдик турниринде алтын медаль. Алматы шаарында өткөн Азия биринчилигинде 4-ирет азия чемпиону. Киевдеги эл аралык мелдеште алтын байге.
Айсулуу Тыныбекова 9-класста окуп жүргөндө эле спорттун таеквондо түрү менен машыга баштаган. 10-классты аяктаган соң күрөшкө кызыгып, Нарын облусунун биринчилигинде алгачкы жолу килемге чыккан. Бирок келечектеги чемпион ал мелдеште эч кандай ыкмасы жок, кара күчкө салып эле жеңишке жетишкенин айткан жайы бар. 2010-жылы жогорку окуу жайында окуп жүргөндө азыркы машыктыруучусу Нурбек Изабековго жолугуп, белгилүү устаттын кол астында машыга баштаган.
Айсулуу Тыныбекова Токио-2020да эң негизги фаворит спортчулардын бири. Анткени балбан кыз учурда Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде өз салмак ченинде биринчи орунда турат. Ошондой эле жалпы кыргыз эли Олимпиада алтынын үмүт кылып жаткан негизги спортчубуз.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова килемге 3-август күнү чыгат.