2000-жылы 48 спортчу катышып, алгачкы күмүш медаль 2008-жылы буюрган. Кыргыз өлкөсү Олимпиада оюндарына жетинчи жолу катышты

Континенттер аралык ынтымакты бекемдеген Жайкы Олимпиада оюндары 1896-жылдан бери официалдуу түрдө ар 4 жылда бир өткөрүлүп келет. Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүк алганга чейин аталган оюндарга СССРдин курамында катышып келген. Ал эми 1996-жылдан тарта улуттук курама кыргыз желегинин астында оюндарды алып бара баштаган.

Кыргыз өлкөсү тарыхында эң алгачкы ирет 1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөрүлгөн Жайкы Олимпиада оюндарына катышкан. Анда 9 спорттун түрүнөн жалпы 33 спортчу катышып, тилекке каршы, эч бир медаль ала албай калышкан.

Ал эми 2000-жылы Австралиянын Сидней шаарында өткөн Олимпиада өлкөбүз үчүн жаңы тарых барагын ачкан иш-чара болуп калган. Себеби Кыргыз өлкөсү бул Олимпиадада өзүнүн эң алгачкы медалына ээ болгон. Тактап айтсак, мекендешибиз Айдын Смагулов дзюдо спорту боюнча өлкө намысын талашып, коло медалды багынткан.

Кошумчалай кетсек, бул олимп оюндарына 9 спорт түрүнөн жалпы 48 спортчу катышып, тарыхтагы эң көп кыргыз спортчулары катышкан Олимпиада болуп калган.

2004-жылы Олимпиада оюндары Грециянын Афины шаарында өткөрүлгөн. Ага өлкөбүздүн атынан жалпы 29 спортчу барган. Балбандарыбыз ал оюндарда спорттун бокс, веложарыш, дзюдо, жеңил атлетика, сууда сүзүү сыяктуу спорт түрлөрүнөн намысты коргошкон. Тилекке каршы, бул олимпиадада да эч кандай байгелүү орундарды камсыздай алышкан эмес.

2008-жылдагы Пекин Олимпиадасы өлкөбүздүн тарыхындагы төртүнчү олимпиада болуп калды. Анда спорттун 10 түрүнөн 21 спортчубуз намыс талашкан.

Пекин Олимпиадасы тарыхыбыздагы эң ийгиликтүү олимпиада катары эсибизде калды. Себеби улуттук курама бул оюндарда 3 медаль утуп келишкен. Тагыраагы, грек-рим күрөшүнөн Канат Бегалиев финалга чейин жетип, тилекке каршы, алтын үчүн беттеште франциялык Стив Гено аттуу балбанга жеңилип калып, күмүш медалды камсыздаган. Канат Бегалиевдин бул медалы эгемендүү кыргыз тарыхындагы алгачкы күмүш медаль болгон.

Андан тышкары Руслан Түмөнбаев дагы грек-рим күрөшүнөн коло медаль жеңип, кыргыз элине кубаныч тартуулаган.

Ал эми дагы бир балбаныбыз Базар Базаргуруев эркин күрөш боюнча коло байгеге жетишкен, бирок медалын 9 жылдан кийин, тагыраагы, 2017-жылы гана алган. Себеби 2008-жылдагы ал олимпиадада 3-орунду камсыздаган украиналык балбандын күчтөндүрүүчү каражаттарды (допинг) колдонгону аныкталгандыктан, эл аралык олимпиада комитети коло медалынан ажыратып, кийинки орунда турган биздин балбан Базар Базаргуруевге тапшыруу чечимин кабыл алышкан.

Бул олимпиадада Кыргыз өлкөсү медалдардын саны боюнча 87 өлкөнүн ичинен 65-орунга жайгашкан.

2012-жылы Жайкы Олимпиада оюндарын Улуу Британиянын Лондон шаары кабыл алды. Анда мекенибизден 14 спортчу 8 спорт түрүнөн ат салышкан. Тилекке каршы, бул жолу да балбандар мекенге кур кол кайтышкан.

2016-жылдагы Рио-де-Жанейро XXXI Жайкы олимпиада оюндарында кыргыз курамасы экинчи жыл удаасы менен эч бир медалга жетише алышкан эмес. Бул Олимпиадага өлкөбүздүн атынан 19 спортчу барган. Алар бокс, күрөш, сууда сүзүү, дзюдо, жеңил атлетика жана оор атлетика сыяктуу спорт түрлөрүнөн намыс талашышкан.

Бул оюндарда оор атлетчи мекендешибиз Изат Артыков коло байгеге ээ болгон. Бирок кийин допинг колдонууга шектелип, коло медалынан ажыратылып, 2 жылга чоң спорттон четтетилген.

Ал эми быйылкы "Токио-2020" Олимпиадасы Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы жетинчи Олимпиада болуп саналат. Ага мекенибиздин атынан 16 спортчу катышууда. "Токио-2020" өлкөбүздүн тарыхындагы эң жемиштүү Олимпиада болуп калды. Себеби алгачкы ирет Кыргыз курамасы 2 күмүш жана 1 коло медалга жетишип, Олимпиадалык рейтингде алгачкы жолу 61-орунга чейин жогорулай алды.

Ошондой эле Мээрим Жуманазарова кыргыз айымдарынын ичинен алгачкылардан болуп Олимпиада медалын уткан спортчу катары тарыхка атын жазды. Ал эми Айсулуу Тыныбекова айымдар арасында алгачкы күмүш медалды камсыздады.

Грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов 13 жылдан кийин кайрадан өлкөгө биринчи болуп Олимпиада медалын алып берип, тарых барактарына жазылды.

Белгилей кетсек, кийинки XXXIII Жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылы Франциянын Париж шаарында өткөрүлөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Roma1987
2021-08-05 21:17:04
Бир жарым милиярдд эли бар Индия 66орунда экен . Кудайга шугур
+3
Dembele84
2021-08-05 22:00:34
Roma1987,Кеп калктын санында эмес,спортко мамлекет кандай конул бурса ошого жараша жыйынтык корсотот
+6
aikaademi
2021-08-10 15:45:17
Dembele84,көптүн арасынан сыналган башка да. Ийгилик спортчуларыбызга
+2
Asmat84
2021-08-06 09:05:07
Кудайга шүгүр көптөгөн ири өлкөлөрдөн алдыда экенбиз. Орусия таптакыр эле жокго тизмеде
0
Alixan-Nookat.2015
2021-08-06 15:46:36
Asmat84,Алар жогору жакта
+1
mr.ulan89
2021-08-10 14:49:32
Asmat84,Орусия 5 орунда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан