Бүгүн, 2-август күнү кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын 11-күнүндө алгачкы жолу килем үстүнө чыкты.
Күрөштүн грек-рим түрү боюнча 97 килограммда килемге чыккан кыргыз балбаны алгачкы жүрүшүндө эле армениялык күчтүү делген Артур Алексанян менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңилип калды.
Артур Алексанян "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону. Ошондой эле "Лондон-2012" Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси.
Эгерде армениялык балбан финалга чыга турган болсо, кыргыз балбаны коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.