Бүгүн, 5-августта Япониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта чүчү кулак аземи болуп өттү.
Чүчү кулакта кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев 2019-жылы Азия чемпиону болгон индиялык Бажранг Пуния аттуу балбанга туш келди.
Эрназар Акматалиев эртең, 6-август күнү Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 08:30да килемге чыгат.