"Токио-2020" олимпиадасына эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн атынан баруучу балбаныбыз, Азиянын чемпиону жана Дүйнөлүк Кубоктун ээси, Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык спорт чебери Айаал Лазарев менен тааныштырабыз.
Туулуп-өскөн жери: СССР, Якутия
Туулган жылы: 1986-жыл 19-март
Улуту: Якут улутунан
Спорттун түрү: Эркин күрөш
Машыктыруучулары:
Жетишкендиктери:
- Азиянын чемпиону
- Азия чемпионатынын коло медалынын ээси
- Кыргыз өлкөсүнүн 10 жолку чемпиону
- 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарынын катышуучусу
Айаалды күрөш килемине биринчи жолу 11 жашында атасы алып келген. Ошол күндөн бери спорттун дал ушул түрү менен машыгып келүүдө.