"Токио-2020" Олимпиадасынын катышуучусу, Олимпиадада Кыргыз курама командасынын капитаны, күрөштүн грек-рим түрү боюнча балбан Атабек Азисбековго достору BMW E60 үлгүсүндөгү унаа белек кылышты.
"Унаамды шаардагы досторум белек кылышты. Ар бириңиздерге ушундай досторду каалайм", - деп билдирди Азисбеков.
Белгилей кетсек, Олимпиадага күрөштүн грек-рим түрү боюнча 87 килограмм салмакта катышкан Атабек Азисбеков алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда венгриялык күчтүү делинген Виктор Лоринц аттуу балбан менен кез келип, кыргыз балбаны мыкты күрөш көрсөткөнү менен атаандашы бир топ күчтүү болуп, венгриялык балбанга 6:1 эсебинде жеңилип калган.
Ал эми коло байгеге күрөшүүгө мүмкүндүк берген көңүл жубатуучу беттеште жеңилүү ызасын тартып калган.