Германиялык дзюдочунун татами (беттеш өткөрчү мат) үстүнө чыгаарда машыктыруучусу жулкулдатып, андан кийин бетке чапкылаганы социалдык тармактарга тарады.
Видео 63 килограммга чейинки салмактагы дзюдочулардын тандоо турунда тартылган. Анда Германия курама командасынын машыктыруучусу Клавдий Пуса Мартине Трайдос аттуу дзюдочуну татамиге чыгуу алдында кубаттап, жулкулдатып андан соң бетке чапкылаган.
Германиялык дзюдочу 1/16 финалда жеңилүү ызасын тартып калган.