Фехтование боюнча Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан Роман Петров 32-орунду камсыздады.
Кыргыз спортчусу Олимпиададагы алгачкы жүрүшүн 1/32 финалда баштап, анда түштүк кореялык Сегеон Ма аттуу спортчу менен кез келип, атаандашын 15:7 эсебинде жеңип, 1/16 финалга чыккан. 1/16 финалда Роман Петров япониялык спортчу Ямада Масаруну менен кез келип, атаандашына 15:13 эсебинде жеңилип калган.
Фехтование боюнча алтын медалды франциялык Ромен Каннон жеңип алды.