"Токио-2020": Кытай медалдардын саны боюнча лидер болууда (тизме)

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Кытай медалдардын саны боюнча алдыда келе жатат.

Бүгүн, 26-июль Бишкек убактысы боюнча саат 09:00гө карата Кытай 6 алтын, 2 күмүш жана 5 коло медалы менен биринчи орунда. Жадыбалда кийинки орунда Япония 5 алтын, 1 күмүш медалы менен экинчи орунга жайгашса, АКШ 4 алтын, 3 күмүшү жана 4 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.

Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүүдө.

Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан