Бүгүн, 23-июлда Япониянын борбору Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи башталды. Парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин ок атуучу Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыкты.
Мындан тышкары парадга машыктыруучулар жана фехтование боюнча Роман Петров, дзюдо боюнча Владимир Золоев чыкты. Парадда Роман Петровдун сүйүнүчү коюнуна батпай жатканы даана байкалды.
Кыргыз өлкөсү парадда 56-номер менен чыкты.