Бүгүн, 27-июлда "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн күрөштүн грек-рим түрү боюнча кыргыз балбандары Японияга учуп кетишти. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн Олимпиадага жолдомо уткан 4 кыргыз балбаны, тагыраагы, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Атабек Азизбеков жана эки машыктыруучу Японияга учуп кетишкен.
Балбандарды аэропорттон Олимпиадалык дирекциянын директорунун орун басары Алибек Ташматов, күрөш бөлүмүнүн куратору Азамат Бекмурзаев, грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Канат Бегалиев жана балбандардын жакындары, достору, күйөрмандары узатышкан.
Балбандардан алгачкылардан болуп 1-августта саат 08:00дө, 60 килограмм салмакка чейинкилер арасында Жоламан Шаршенбеков килемге чыгат. Ал эми 2-августта 77 жана 97 килограмм салмакка чейинкилер арасында Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков килемге чыкса, 3-август саат 08:00дө, 87 килограмм салмакка чейин Атабек Азизбеков дүйнөнүн мыктылары менен күч сынашат.