"Токио-2020": Айсулуу Тыныбекова экинчи атаандашын дагы мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыкты

Бүгүн, 3-августта кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын 12-күнүндө алгачкы ирет килем үстүнө чыкты.

Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен кез келип, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип , чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова румыниялык Криста Тунде аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты. Жарым финалда Айсулуу украиналык Ирина Коляденко менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Nina.alex
2021-08-03 09:56:37
Азамат кыз экенго
+15
zhaynak
2021-08-03 09:57:16
Ооо садага болоюн алтын кыз. Жооон эле отурган адамды кулдуросун да, суйунтуп.
+12
chyrok
2021-08-03 10:05:53
Азамат.Мактоо создор аздык кылат.Тилектерин кабыл болсун!Женишин кут болсун!
+10
modem4999
2021-08-03 10:06:51
Жалан 0 менен уруп атат Айсулуу
+9
erkeleim
2021-08-03 10:08:14
Азамат.Пайдасыз 120чимкириктен мин эсе бийик кыз!!!
+10
Abdalimov-Mili
2021-08-03 10:21:05
erkeleim, спортко саясатты аралаштырып не кереги ?
0
CR7_JUV
2021-08-03 10:12:03
Көз тийбесин алтын кыз
+13
Alixan-Nookat.2015
2021-08-03 10:35:47
Айсулуу олимпиада чемпиону болот буюрса!
+11
Bekish_94
2021-08-03 10:42:20
Ананайын десе!
+8
Belek1710
2021-08-03 11:04:10
Алтын кыздан буйруса алтын биздики.
+6
Siren90
2021-08-03 11:06:48
Канчада болот
+2
TOLLI
2021-08-03 11:08:47
Жарым финал канчада болот экен.
+2
Nurdin060683
2021-08-03 11:10:25
Карындаш ийгилик! Алтын утуп аман, эсен келип кал.
+6
Kyrgyz-aiym
2021-08-03 12:03:53
Ийгилик Айсулуу! Алтын медаль кутобуз буюрса. Аллах жар Болсун!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан