"Кыргыз өлкөсү 121-орунда". Дүйнөдө бүгүнкү күнгө карата коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн статистикасы

29-июлга карата дүйнөдө 1 миллиард 100 миллион адам коронавируска каршы толук эмдөөдөн өттү. Бул дүйнө калкынын 14,1 пайызын түзөт. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин Ковид-19 илдетине каршы эмдөө жүргүзүү үчүн жалпы 3 миллион 970 миллион доза вакцина колдонулган.

Чет элдик маалымат булактарынын билдиришинче, калкты илдетке каршы эмдөөдө Кытай өлкөсү алдыда келе жатат. Аталган өлкөдө жалпы 223 миллион жаран эмдөөдөн өткөн. Ал эми экинчиде учурда коронавирус менен катуу күрөш жүргүзүп жаткан Индия мамлекети турат. Бул өлкө жалпы 96 миллион 800 миң жаранын эмдөөдөн өткөргөн жана ага 446 миллион доза вакцина колдонулган. Ал эми үчүнчү сапта АКШ келүүдө. Бул өлкө 343 миллион доза менен 163 миллион жаранына эмдөө жүргүздү.

Андан кийинки саптарда Бразилия, Германия, Улуу Британия, Япония, Франция, Түркия жана Италия өлкөлөрү турат.

Ал эми Кыргыз өлкөсү жалпы 113 миңге жакын жаранын толук эмдөөдөн өткөрүп (жалпы калктын 1,7 пайызы) дүйнөдө 121-орунда жайгашып турат.

Белгилей кетсек, дүйнөдө коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүдө AstraZeneca, BioNTech, Pfizer, Sputnik V, Sinopharm жана Moderna вакциналары колдонулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан