Бүгүн, 3-августта кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын 12-күнүндө алгачкы ирет килем үстүнө чыкты.
Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен кез келип, 8:0 эсебинде жеңип алды.
Муну менен кыргыз балбан кызы чейрек финалга жолдомо алды. Чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова румыниялык балбан кыз менен кез келет.