Балбан Айсулуу Тыныбекованын "Токио-2020" Олимпиадасынын финалында күч сынаша турган атаандашы белгилүү болду. Ал жергиликтүү, тактап айтканда япониялык балбан кыз Юкако Каваи.
Япониялык балбан кыз жарым финалдык баскычта болгариялык Тайбе Мустафа Юсейинди утуп финалга чыкты.
Юкако Каваи 1997-жылы туулган. Учурда 23 жашта. 2014-жылдагы кадеттер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси. 2018-жылдагы Дүйнө биринчилигинде күмүш медаль тагынган. Ошондой эле 2019-жылы Казакстанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло медаль утуп, Олимпиада лицензиясын жеңип алган.
Ал эми Токио Олимпиадасындагы финалдык баскычка чейинки беттештерине кайрылсак, эң алгачкы беттешинде орусиялык балбан кыз Любовь Овчарованы жеңип, чейрек финалга чыккан. 1/4 баскычта болсо швециялык Хенна Йохансонду жеңген. Жарым финалда дүйнөлүк рейтингде 2-орунда турган болгариялык Тайбе Юсейинди 3:2 эсеп айырмачылыгы менен жеңип, финалда Айсулуу Тыныбековадан алтын медалды талашууга мүмкүнчүлүк алган.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Юкако Каваи менен буга чейин үч жолу килем үстүндө кез келген. Анын экөөсүндө мекендешибиз жеңүүчү аталса, тилекке каршы, былтыр Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда жеңилип калган.
Балбан кызыбыз бүгүн, 4-август күнү болжолдуу түрдө саат 16:00 чамасында алтын медаль үчүн килемге чыгат.