Тыныбекова, Медет кызы, Жуманазарованын машыктыруучусу алар көрсөтүп жаткан жыйынтыктар тууралуу оюн айтты (видео)

Кыргыз балбан кыздарынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков ийгилик жараткан кыздары тууралуу айтып берди.

"Айсулуу Тыныбекова финалга жолдомо алса, Мээрим Жуманазарова коло медаль алды. Ал эми Айпери Медет кызы 5-орунга илинди. Бул эң чоң жетишкендик. Эки кыз болгону 22 жашта. Жаш болсо дагы Мээрим Жуманазарова коло медаль алып, ийгилик жаратты. Кыргыз эли үчүн чоң жетишкендик.

Акжол Махмудов эки жыл мурун бутунан катуу жаракат алган. Ал өтө кыйын убакыттан өттү. Ошонун баарына чыдап келип, күмүш медалды алганы бул өтө чоң жетишкендик. Кудай буюрса, Акжол алтынга татыктуу бала. Эми Парижде өтө турган Олимпиадада ал сөзсүз алтын утат деп ишенем", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ozgocho111
2021-08-04 13:42:21
Азаматсыз Нурбек агай, сиздин эмгегиниздин узуру!!!
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан