Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы бүгүн, 2-август күнү килем үстүнө чыкты.
Кыргыз балбан кызы алгачкы жүрүшүн 1\8 финалда баштап, анда ал коңшу казакстандык Эльмира Сыздыкова аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 6:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Кийинки жүрүшүндө кыргыз балбаны орусиялык Наталья Воробьева менен кез келип, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 12:0 эсеби менен жеңип, жарым финалга чыгып, жарым финалда америкалык балбан кыз менен кез келип, 3:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган.
Америкалык балбан кыз финалга чыккандыгына байланыштуу Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Коло байге үчүн беттеште Айпери Медет кызы түркиялык Ясемин Адар аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашы Айпери Медет кызынын далысын жерге таза басып жеңишке жетти.
Муну менен Айпери Медет кызы Олимпиадада 5-орунду камсыздады.