Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Кытай АКШ менен Японияны артка калтырып, медалдардын саны боюнча кайрадан биринчи орунда келүүдө.
Бүгүн, 5-август Бишкек убактысы боюнча саат 07:30га карата Кытай 32 алтын, 22 күмүш жана 16 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга АКШ 25 алтын, 31 күмүш, 23 коло медалы менен жайгашса, Япония 21 алтын, 7 күмүш жана 12 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.
Токио Олимпиадасы 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүүдө.
Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышууда.