"Токио-2020": Коңшу өлкөлөр Олимпиадада медаль уткан спортчуларына кандай унааларды тапшырды? (фото)

Бүгүн, 23-августта Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи болуп өтүп, Олимпиадада медаль уткан Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазаровага акчалай сыйлыктар жана Тойота Рав 4 унаалары тапшырылган.

Мындан улам коңшу өлкөлөр Олимпиадада медаль уткан спортчуларына кандай белек кылганын карап көрдүк.

Казакстан.

Казакстандан Олимпиада оюндарына 93 спортчу катышып, жалпы 8 коло медаль утту. Өз кезегинде Казакстандын президенти Касым Жомарт-Токаев мамлекет бөлгөн каражат спортчулардын Олимпиадада көрсөткөн бул көрсөткүчүнө туура келбей тургандыгын айтып, нааразычылыгын билдирген.

Казакстан Олимпиадада медаль уткан спортчуларына Toyota Camry унааларын тапшырды. Мындан тышкары, 8 спортчуга президенттин жарлыгына ылайык, 75 миң АКШ доллары ыйгарылган.

Өзбекстан.

Коңшу Өзбекстан Олимпиадада алтын медаль уткан 3 спортчусуна Chevrolet Tahoe үлгүсүндөгү жол тандабас жана коттедж (жер тилкесинин аянты 4 сотых) берген. Ал эми 2 коло медаль уткан спортчуларына Chevrolet Trebleizer үлгүсүндөгү автоунаа менен эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылган. Ошол эле учурда алтын медаль уткандарга 200, коло медаль уткандарга 50 миң доллар акчалай сыйлык тапшырылган.

Түркмөнстан.

"Токио-2020" Олимпиадасында 1 күмүш байгеге ээ болгон Түркмөнстан спортчусуна Lexus 570 Sport Plus жана анын машыктыруучусуна Toyota Camry унаасын тапшырды. Бул өлкөдөн "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына 5 спортчу катышкан.

Кыргыз өлкөсү.

Ал эми Кыргыз өлкөсү "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында 2 күмүш, 1 коло байге утту. Медалга ээ болгон спортчулар Тойота Рав 4 үлгүсүндөгү унааларга ээ болушту. Мындан тышкары, Күмүш байге уткан Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов 10 миллион, Мээрим Жуманазарова 7 миллион сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Тажикстан.

Тажикстан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарын 10 спортчусун жөнөтүп, эч кандай медалга ээ болгон жок.

Кошумчалай кетсек, Олимпиада оюндарында алтын уткан спортчуларына эң көп каражатты Индонезия жана Сингапур өлкөлөрү берет. Бул эки өлкөнүн спортчулары Олимпиадада чемпион болсо, болжол менен 750 миң доллар алышат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
surgeon777
2021-08-23 15:46:19
Тажикстанды кошо кеткенинер жакшы экен,азаматсынар)))
+15
Aimani
2021-08-23 16:34:45
surgeon777,буга чейин эки Олимпиада оюндарында биздикилер деле 0 медаль менен келишкен.быйыл Таджикистан да кайра кайра кыпчышат да.)))
+2
Zarema11
2021-08-23 18:45:13
Коңушу болуп атпайбы ошого кыпчып жатат. Азамат биздикилер. Медаль саны көбөйсүн.. Желегибизди желбиреткен спортчуларыбызга Жаратканым ден соолук, узун өмүр күч кубат берсин..
+16
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан