Бүгүн, 5-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын 14-күндүк беттештери орун алууда.
Олимпиадага эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Айаал Лазарев алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда америкалык Дэн Стивенсон аттуу балбан менен кез келди.
Беттеште кыргыз балбанынын атаандашы бир топ күчтүү болуп, 10:0 эсебинде жеңишке жетти.
Америкалык балбан финалга чыкса Айаал Лазарев коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.