Кыргыз өлкөсү Олимпиада оюндарында медалдык эсепте 64-орунда турат

Учурда Кыргыз өлкөсү Токиодогу Олимпиада оюндарында медалдык эсепте 64-орунда турат. Бул тууралуу Олимпиада оюндарынын расмий сайтында жазылган.

Кечээ, 3-август күнү балбаныбыз Акжол Махмудов өлкөбүздүн капчыгына алгачкы күмүш медалды алып берген. Балбан финалдык беттеште венгриялык күчтүү спортчу Тамаш Лёринц менен кез келип, бир гана упай артыкчылыгында, тагыраагы 2-1 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды. Бирок Акжол Махмудов 13 жылдан бери алгачкы ирет Кыргыз өлкөсүнө Олимпиада медалын алып берди.

Ал эми балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова өлкөбүз үчүн экинчи медалды алып келип, жалпы кыргыз элине кубаныч тартуулады. Ал коло медаль үчүн болгон беттеште монголиялык Батцэцэг Соронзонболдынга мүмкүнчүлүк бербей 10:1 эсеп артыкчылыгында жеңип коло медалды камсыздаган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-август күнү балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова болжолдуу түрдө саат 16:00 чамасында финалда алтын медаль үчүн килемге чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mubarak
2021-08-04 10:55:19
Это кулук бар елего ал жарыштыбы
0
Nara5
2021-08-04 11:26:32
Тажиктер 190 дейтко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан