Бүгүн, 6-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын 15-күндүк беттештери орун алууда.
Олимпиадага эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда 2019-жылы Азия чемпиону болгон индиялык Бажранг Пуния аттуу балбан менен кез келип, беттеш 3:3 эсебинде аяктады.
Эрназар Акматалиев атаандашын эки ирет килемден сыртка түртүп чыгып 2 упай алган. Анын атаандашы мыктыраак ыкма менен 3 упай алгандыгы үчүн жеңүүчү аталды.
Эгерде индиялык балбан финалга чыга турган болсо, Эрназар Акматалиев коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.