Денис Петрашов - сууда сүзүүчү. Ал 2016-жылы Жайкы Олимпиада оюндарында эркектер арасында брасс стилинде 200 метрге сүзүү боюнча мелдешке катышкан. Учурда ал сүзүүнүн брасс стилиндеги бардык мелдештерде Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып келе жатат.
Туулуп-өскөн жери: Бишкек шаары;
Туулган жылы: 2000-жылы, 1-февраль;
Бою: 1,90 cантиметр;
Салмагы: 82 килограмм.
Жетишкендиктери:
Сууда сүзүү боюнча эл аралык класстагы Кыргыз өлкөсүнүн спорт чебери. Кыргыз өлкөсүнүн көп жолку чемпиону, Азиянын жана эл аралык турнирлердин чемпиону.
Ал 2016-жылы "Рио-2016" Олимпиадасына Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыгып, эң жаш катышуучу болгон. 2018-жылы Буэнос-Айрестеги Жаштар Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси.
Эл аралык спорт чебери.
Ал сүзүүнүн брасс стили боюнча улуттук рекордчу Евгений Петрашовдун уулу.