"Токио-2020": Өзбекстан улуттук курамасы Олимпиадага 500 банка өзбек палоосун алып барды

Коңшу Өзбекстандын улуттук курамасы Олимпиадага 500 банка өзбек палоосун жана 200 даана өзбек нанын алып барышкан. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, алар өзбек курамасынын өкүлдөрү палоо жана нанды өздөрү үчүн эмес, башка өлкөлөрдүн спортчуларын сыйлоо үчүн жана өзбек элинин меймандостугун көрсөтүү максатында ала барышкан.

Ошондой эле бир канча күн мурун өзбек курамасынан алган сый тамактардан орусиялык спортчулар даам сызганы да айтылды.

Өзбекстан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында азырынча бир алтын жана бир коло медаль утту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asmat84
2021-08-02 14:32:59
Канча тонна пахта алып барышты экен
Бул туугандар пахтаны жакшы көрүшөт эле. Ар бир жюринин алдына 6 кабаттан берсе керек
+6
nazira...
2021-08-02 15:03:47
Айтпа. Токиодо да кылгылыгын кыла беришет экен да булар.Биз да пахта койгондо Медет кызы утат болчу.
+3
bond02
2021-08-02 15:47:47
Спорттон соодага отуп кетишкен го.
+3
Mubarak
2021-08-02 15:57:32
Жакшы .бул да меймандостук .биздин окулдорда ушундай жакшы нерселерды уюштурса жаман болбойт еле кыргызды атын чыгарып спортчуларга ийгилик
+1
ika8086
2021-08-02 16:36:02
жегендин кусмайы бар.Олинг олинг озиииздан булсиин дешиптир да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан