Бүгүн, 24-июлда Кыргыз спортчусу Денис Петрашов Япониянын борбору Токио шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында 100 метр аралыкта брасс стилинде жарышка түшөт.
Кыргыз суучулу 100 метр аралыкка 8 спортчу, тагыраагы ирландиялык Дарра Грин, австралиялык Зак Стаблети-Кук, түштүк африкалык Майкл Хоули, түштүк кореялык Чо Сунхэ, бразилиялык Кайо Пумпутис, франциялык Тео Буссье жана литвалык Гедрюс Титянис аттуу спортчулар менен жарышка түшөт.
Кыргыз спортчусу саналуу мүнөттөрдөн соң мелдешке чыгат.