Сууда сүзүүчү Денис Петрашов Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 2024-жылы Парижде өтчү жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Бул жолдомосун спортчу Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы менен алганы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, спортчу 2016-жылы Рио жайкы олимпиадасына жана 2021-жылы Токио Олимпиадасына катышкан.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстан үчүн үчүнчү лицензия. Буга чейин жолдомону балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы алган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан