Укук коргоочу: "Садыр Жапаров №47-колонияга жеткирилди. Эч кимди киргизбей жатышат"

Бишкектин №1 тергөө абагына камалган Садыр Жапаров №47-колонияга жеткирилди. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

"Ушул убакытта Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл анын адвокаты экөө №47-колониянын алдында турушат. Айгүлдүн айтуусунда, Жапаровду "Тез жардам" кызматы оор абалда алып келишиптир. Себебин билбейт. Аялын жана адвокатты ага киргизишпей жатышат", - дейт укук коргоочу.

УКМКнын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, бул маселе Жаза аткаруу кызматынын карамагында. "УКМК бул боюнча эч кандай маалымат бере албайт", - дешти мекемеден.

Айта кетсек, 25-мартта Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине кирген. Аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып жаткан Жапаров УКМКнын СИЗОсуна 48 саатка отургузулган. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирген. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат тараткан.

26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан