Садыр Жапаровдун туугандары менен Талант Мамытов жана Мирлан Жээнчороев жолугушту. Алар Жапаровдун өзү менен жолугуп келүү үчүн №47-колонияга бара турганын айтышты. Митингге чыккандар эл өкүлдөрүнөн Жапаровду үй камагына чыгарууну суранышты.
Мирлан Жээнчороев: "Биз да массалык маалымат каражаттарынан угуп жатабыз. Депутаттык топ Жапаровго барып жолугуп келүүнү чечтик. Азыр барып өзү менен жолугуп сүйлөшөбүз", - деди.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун туугандары жана тарапташтары Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өткөрүшүүдө. Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаеванын айтымында, алар экс-депутаттын өмүрүнө коркунуч болуп жатканын депутаттарга жана коомчулукка жеткирүү үчүн Ак үйдүн алдына келишти.
Учурда митингде 10дон ашуун адам катышууда. Милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөшүүдө.
Айта кетсек, 2-апрелде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров №1-тергөө абагында колу жана моюну кесилген абалда табылган, мындан улам Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кечээ, 4-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаровдун ден соолугу жакшы экенин маалымдап, аны 2 күзөтчү кайтарып турганы белгилүү болгон.
Буга чейин 25-мартта Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. Ал "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган.
Эртең, 6-апрелде саат 10:00дө Бишкек шаардык соту Жапаровдун баш коргоо чарасын карамакчы.