Бүгүн Жогорку Сотто Садыр Жапаровдун иши каралат

Бүгүн, 29-майда Жогорку Сотто абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун соту болот. Ошондой эле Жогорку Соттун имаратынын жанында Жапаровдун жакындары аны колдоп митинг өткөрүшөт.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Анын адвокаты Шарабидин Токтосунов бул өкүмгө нааразы болуп, Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
KRIMINAL
2018-05-29 07:52:39
Оо АЛЛАХЫМ элдин үнүн угуп Садыр Нуркожоевичти боштондукка чыгарагөр!!!!!
+10
salimbek87.kg
2018-05-29 08:06:07
KRIMINAL,Аамин
+8
Almaz.bim
2018-05-29 07:57:26
Адилеттуу Кудайдан корккон сот туура чечим чыгарса Бугун чыгат.Жапаров эл инсаны бунун орду решоткада эмес бийликте болушу керек.
+10
Rystambekkg
2018-05-29 08:04:52
БОШТОНДУК.Садыр жапаровко Каптагаев чарчады окшойт айтып журуп Садырга доом жок деп
+7
bekov01
2018-05-29 08:06:52
Адилеттуу сот болсо Жапаров созсуз чыгат Иншалла. Жапаровго боштондук!
+9
fantomas
2018-05-29 08:16:47
Эгер Жогорку Сот актабаса, анда Сокенин сотторуна кымындай да ишеним жок... Бугун ачылып жаткан кылмыш иштери адилеттуу жыйынтыкталаарына ишенип кереги жок...


Садыр Жапаров куноосуз, аны саясий куугунтуктун негизинде камашкан. Жапаров менен Мырзакматовду сот акташ керек!!!
+7
fantomas
2018-05-29 08:19:49
Учурдан пайдаланып Мелис Мырзакматовго кайрылып кетем. Болду эми, Кыргызстанга кайтыныз... Эр жигиттин башында бир олум, башка тушконун коросуз. Эгер Сокенин бийлиги камачу болсо эл бар, эл сиздин эмгегинизди унуткан жок... Эл оз созун айтат деп ишенем...

Учурда Кыргызстан башына силерлей эл уулдары керек болуп жатат...
+4
mira.turdueva1991
2018-05-29 08:27:37
Сот белгисиз моонотко жылдырылды дебейт болду бекен эми ар дайым ошентишетго
+1
jbolotov
2018-05-29 09:29:29
С.Жапаров боштондука чыкса экен, убагында 100 депутат айталбай коркушуп отурганда Жапаров айтып жургон. Алкаштын доорунда мекен учун куйгондор камалып, чыккынчылар жыргаган доор болдуго.
+3
aydinnur
2018-05-29 09:51:54
Жапаровдун эмнесин мактайсыңар билбейм..Акталбайт ал,акталса мыйзамдын тебеленгени
-4
Rifle_I
2018-05-29 10:06:10
aydinnur,подстава менен камалып кетти. Эркекче коркпой сүйлөгөн жигит ушул.
+2
aydinnur
2018-05-29 10:28:38
Rifle_I, кайдагы эркекче))?Айылына барып көр, кандай сөздөр менен айтаар экен... Бийлик керек болду бул кишиге.. Анан силер сыяктуу он чакты колдоочусу келе бер деп койсо шерденип кетпедиби..
-2
fantomas
2018-05-29 10:19:01
aydinnur, кайсы мыйзамды бузду?!! Куноосу далилденди беле?!! Же сен далилдедин беле?!!
+1
aydinnur
2018-05-29 10:29:58
fantomas, кайсы заманда жашап жатасың..?Силердей колдоочуларынан башка бүт эл көргөн.. азыр деле бар интернетте..
-1
fantomas
2018-05-30 00:24:58
aydinnur, буйтабай суроомо туз жооп бер факт менен!!!
0
Wolf_ero
2018-05-29 10:03:10
Чыгат буйруса бугун
0
Rifle_I
2018-05-29 10:05:35
Садыр Жапаровду чыгарып, ЖК алып келип "Кумтор" бобнча куратор кылып мамлекеттин пайдасын чоңойтуш керек. Аябай туура кадам болот. Кумтор да аз калды болуш керек.
+1
fantomas
2018-05-29 10:24:08
Rifle_I, бул инсанды жалпы сот тармагына куратор кылыш керек. Сот менен прокуратуранын устунон кылыш керек... Олкодогу коррупциянын денгээлин айтып болбойт. Бир эле Кумтор эмес, бут коррупциялык иштердин бетин ачыш керек. Соттор бут жаныланып таза иштеши керек.

Коррупция бул саз, олкону соруп бара жаткан. Бир Кумтор же ТЭЦтегилер жазаланса эле коррупция токтоп калбайт. Ошол коррупция менен курошуу учун Жапаровдой куратор керек...
0
stal.ks
2018-05-29 10:14:22
Акталсын оомииин
+2
talaa11
2018-05-29 13:32:37
Садыр Жапаровко боштондук!камагынар келсе ТЭЦтеги паракорчуларды камагыла омур бойу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан