Садыр Жапаровдун иши боюнча күбөлөр көрсөтмө берип бүтүштү, отурум 21-июлда улантылат

Бүгүн, 17-июлда Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаров көрсөтмө берди. Ал камакка алынганынын себеби тууралуу өз пикирин айтып, мамлекеттик айыптоочунун суроолоруна жооп берди.

"Менин бул жерде отурушума "Кумтөрдөгү" абалды ачык айтып койгондугум себеп. 25-мартта Кыргыз өлкөсүнө келген маалда УКМК мени күбө катары чакырып, кийин шектүү катары камакка алды. Учурда бийликтин токулма кылмыш иштерине күнөөлөнүп, соттолуп жатам. Буга чейинки күбөлөр айткандай, Караколдогу баш аламандыкта Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу иштерине тиешем жок. Мен окуя болгонго чейин эле бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болгон иним менен чет өлкөгө чыгып кеткем. Саруулуктар менин кеңсеме бир-эки жолу келишкен. Аларга мен "силер "Кумтөргө" каршы митингге чыкпагыла эгерде чыксаңар, велосипед менен танктын жолун торогон болосуңар, алар силерди тебелеп кетет", - дегем.

Мамлекеттик айыптоочу Каптагаевди барымтага алуу маалында колдонулган унаа Садыр Жапаровдун эжесине таандык же таандык эместигин сурады.

"Унаа тууралуу маалымат булактарынан гана уктум. Унаанын ээси Жапаровдун жээни болот деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Эжем унаасын окуя болордон жарым жыл мурда эле сатып жиберген экен", - деген жооп узатты Жапаров.

Сот Эмилбек Каипов: "Сиз 25-мартта өлкөгө өзүңүз эле келе берсеңиз болот беле?"

"Мага социалдык түйүндөгү баракчама көпчүлүк интернет колдонуучулар байланышка чыгып, өлкөгө келсеңиз тосуп алалы, Текебаевдей кылып кармап, камап салбасын дешкен. 25-мартта колдоочуларыма жеткирбей эле УКМКнын тергөөчүсү Эсенбаев суракка деп чек арадан кармап кетти", - деди Жапаров.

Андан соң сот 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингден кийин облустук администрациянын алдынан табылган унааларды кароо протоколдорун окуп берди. Анда 3 унаага кароо иштери жүргүзүлгөндүгү окулду. Айта кетсек, Жапаровдун ишин караган сот бүгүнтөн баштап айыпкерди суроо протоколуна өттү. Анда сот тергөө убагында чогултулган кагаздарды окуйт, ошондой эле Жапаровдун өзүнөн иш боюнча сурайт. Бүгүнкү отурум жумуш убактысы аяктап калгандыгына байланыштуу токтотулуп, 21-июлда саат 14:00дө улантылмай болду.

Жапаровдун жактоочусу:"сот биздин күбөлөрдү укпай туруп териштирүүнү баштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aravan.kg
2017-07-20 02:05:36
Боштондук
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан