Биринчи Май райондук соттун өкүмү менен шарттуу кесилген Садыр Жапаровдун тарапташтары абактан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда SUPER.KG порталына Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.
"Буга чейин шарттуу кесилген Адылбек Исаев, Рустам Жапаров, Жаңыбай Жеңишбеков, Шамшидин уулу Айдынбек, Байгазы Казиев, Улан Усупов абактан чыгышты. Алар шаардагы №1-СИЗОдо камалып жатышкан", - деп билдирди жактоочу.
Эске салсак, буга чейин 5-сентябрда Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соттук отуруму өткөрүлүп, алардын айрымдарын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан.
Маалым болгондой, 25-мартта УКМКнын алдындагы Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары кармалгандардын 12сине "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон