Садыр Жапаровду соттогон судья Жогорку Соттун судьялыгына талапкер болуп көрсөтүлдү

Экс-депутат Садыр Жапаровду соттогон судья Жаңыл Мамбеталы Жогорку Соттун судьялыгына көрсөтүлдү. Анын талапкерлиги бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралды. Жаңыл Мамбеталы Бишкек шаардык сотунда иштеген.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев Садыр Жапаров боюнча соттун чечими туура эмес чыкканын айтты. Жаңыл Мамбеталиева мыйзамдуу чечим кабыл алганын билдирди. “Мага эч ким буйрук берген эмес. Райондук соттун чечими күчүндө калган. Материалдардын негизинде чечим кабыл алынган”, - деди Жаңыл Мамбеталы.

Масалиев адамды фактынын негизинде соттоо керектигин айтты.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту, андан кийин Жогорку Сот күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан