Садыр Жапаровдун сотунда мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова 18 баланын кыйноого алынганын карабай койгону айтылды

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмү боюнча апелляциялык арызды кароодо.

Соттук отурумдун башталышында жактоочу Шарабидин Токтосунов соттон өтүнүч келтирүүнү сурады. Төрагалык кылуучу өтүнүчтү укпай, күбөлөрдү сурай турганын айтты.

Күбө катары мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев суралды.

"2013-жылдын 9-октябры, баары эсимде. Ошол күндөрү митингде кармалган 18 баланын ата-энеси мен акыйкатчы болуп турганда мага кайрылышты. Мен алардын өтүнүчү менен СИЗОго барып камалган балдар менен жолуктум. Балдар абдан катуу сабалыптыр. Арасынан Наристе Калчаев деген адам "башыбызга кап кийгизип катуу сабады" деп жооп берди. Ал күч органдары Садыр Жапаров митинг уюштурганбы деген суроону берип андан соң сабаганын айтты. Мына ошолордун негизинде Башкы прокурор Аида Саляновага кайрылгам. Бирок ал "кылмыштын курамы жок" деп ишти карабай койгон", - деп билдирди Аманбаев.

Күбө Аманбаев 18 баланын боору эзилип, денеси көгөргөнчө сабалганын кошумчалады. Бүгүнкү отурумда жактоочулар камсыздаган күбөлөр көрсөтмө беришүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
doping1
2017-09-07 11:34:53
милиция орукчан кылып коёт окшойт тушкон адамдарды шакалдар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан