Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровго карата чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арызды карап жатат.
Соттук отурумдун жүрүшүндө күбө Кенжебек Жумабаевдин УКМКнын төрагасына жазган арызы жана тергөөдө берген көрсөтмөсү окулду.
"Кенжебек Жумабаевдин арызы биринчи СИЗОдо УКМКнын кызматкерлеринин коркутуп кыйноосу менен жазылган. Ошондуктан анын жазганында чындык жок. Анткени 2013-жылы май айында УКМКнын СИЗОсунда жатсам мен кантип эл менен жолуккан болом?" - деп билдирди Жапаров.
Андан соң күбө Наристе Калчаевдин берген көрсөтмөсү окулду.
Эске салсак, Садыр Жапаров ушул жылдын 2-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.