Жактоочу: "Кыргыздын тарыхында мындай кадам биринчи жолу болуп жатат. Жабырлануучу Каптагаев күнөөлөнүп жаткан Жапаровду актоо боюнча арыз жазды"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун камалышы боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимине нааразы болгон жабырлануучу Эмил Каптагаев апелляциялык даттануу менен сотко кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG порталына Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

"Садыр Жапаровдун 11 жыл 6 айга камалышына нааразы болгон Каптагаев соттун өкүмү негизсиз деген жүйө менен апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Анын арызында "Садыр Жапаровдун күнөөсүн көрсөтө турган далилдер айтылган жок. Ошондуктан Жапаровду актоону суранам" деп жазылган. Жабырлануучу делген Каптагаевдин мындай кадамы Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Анткени буга чейин тарыхта жабырлануучу тарап эч качан күнөөлөнүп жаткан тарапты актоо боюнча арыз жазган эмес", - деди Токтосунов.

Эске салсак, Садыр Жапаров ушул жылдын 2-августунда 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Azatbek83
2017-08-11 14:09:41
Азамат
+18
meni_kut
2017-08-11 14:14:21
Каптагаев эркек!
+17
jonne
2017-08-11 14:23:09
Эми соттор кандай дейт ? Эми акталыш керек башка айла жок
+16
Benazir08
2017-08-11 14:37:01
Садыр мн Теке Али бери чыкпайт башка Ажо келип анан чыгышат ага чейин чыкпайт
-9
kokboru
2017-08-11 14:38:25
ХХХХ Атамбайдын кылнаны бул.Акталса, өзү кететта түрмөгө ошону ойлоп жатат бул Атамбай.Коррупцияга малынып өлгөнда булар Ксдп. Эркек экенсин Каптагаев Кыргызстандвн келечеги учун сиз да биригиңиз мигранттар уюмуна то есть Жапаровго.Азыр Элди ойлогон Мадумаров жана Жапаров эле болуп калды.Эмоцияга алдырдым супер инфо кечиресинер
+10
Rifle_I
2017-08-11 14:45:52
kokboru,УКМК чайга чакырып жүрбөсүн досум. Атамбаевдин энесин урсаң да, сөксөң да жазуу түрүндө эмес оозеки түрүндө болгону жакшы.Бул ХХХХ саясат деген нерсе.
+4
Rifle_I
2017-08-11 14:44:43
Негизи илгертен эле кыргыздын чыгаан уулдарын орустар жоготушуп келген. Сүргүнгө айдап, же атууга өкүм чыгарып жоготушуп.
Эгемендүү болгондон баштап, кайра өзүбүздү өзүбүз кордоп келебиз. Тарыхта калат дегенибиз менен эч нерсе кылалбайбыз. Болгону баткакта гана жашап азапталып турабыз. Ушул шайлоодо сатылбагыла туугандар. Татыктуу президент керек бизге .
+9
muslim87
2017-08-11 14:47:13
Бул баш аламандыкты Садыр Жапаров уюштурбаганына анын ак экенине ачык далил. Эгер ал уюштуруп Каптагаевди Жапаров барымтага алдырган болсо Каптагаев эч качан мындай кадамга барбайт болчу.
+8
grace
2017-08-11 15:00:42
Жакшы кабар экен.
+10
Taalaibek.
2017-08-11 15:58:37
Аллах ыраазы болсун!
+9
ilim07
2017-08-11 16:24:46
Каптагаев эчак эле доом жок деп арыз жазып берген. Манкурт бийликтин иши экени барына эле билинип туратго. Бирок биздин эл акча берсе желмогузду да колдогону чыгат. Эл учун куйгон Садыр агабызды колдогону аз эле азаматтарыбыз колдоп, акча учун олгону калган кайран кыргыз элим кен байлыктарыбызды жедирип акмак Атамбаевтин озун карап отура берели аман болгула.
+5
gulmira90
2017-08-11 16:42:02
Аллах раазы бодсун сизден Каптагаев!
+8
bakulya2015
2017-08-11 22:28:58
Эн жакшы кабар. Аллах ыраазы болсун аман болунуз. Сиздей инсандар коп болсун. Буйруса баары жакшы болот.
+2
Shaa-82
2017-08-12 11:14:37
Ак экенин билип эми ойлоно баштаптырда эртерээк аракет кылыш керек эле чечим чыгып буткондон кийин чуркабай.
0
jonne
2017-08-12 19:49:50
Shaa-82, 10 кун берген сот дагы кайырлсанар болот Деп
Дагы деле кеч эмес
0
Nazaralikarakulja
2017-08-14 02:16:46
Позор соттор
0
Nazaralikarakulja
2017-08-14 02:16:55
Жапаров ко боштондук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан