Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соттук отуруму орун алды. Соттолуучулар акыркы сөзүн айтып, соттон актап берүүнү өтүнүштү.
"Бизди акыйкат чечим чыгарып, актап берүүңүздү суранабыз. Анткени митингде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Калыс чечим чыгарышыңызды өтүнөбүз", - деди соттолуучулар.
Отурумдун жүрүшүндө Рустам Жапаров акыркы сөзүн айтууга даяр эмес экенин билдирди.
Сот тараптардын сөзүн угуп, Рустам Жапаровдун акыркы сөзгө даярданып келүүсүнө бир күн убакыт берди. Соттук отурум 5-сентябрга жылдырылды.
Эскерте кетсек, 25-мартта УКМКнын алдындагы митингде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары кармалгандардын 12сине "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.