Бүгүн, 5-сентябрда Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соттук отуруму өткөрүлүп чечим чыгарылды.
Биринчи Май райондук сотунун төрагасы чечимди окуп, Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровду сот залынан бошотту. Ал эми башка соттолуучулардан Эркланбек Тагаев 4 жылга, Калыбек Жапаров 4 жылга, Абдыманап Бегишов 4 жылга жана Чыңгызхан Кожогелдиев 8 жылга күчөтүлгөн тартипте жазасын абакта өтөөгө кесилишти.
Ал эми калгандары Адылбек Исаев, Рустам Жапаров, Жаңыбай Жеңишбеков, Шамшидин уулу Айдынбек, Байгазы Казиев, Улан Усупов, Анарбек Бейшебеков 1 жылга шарттуу кесилишти. Аталган жарандар эгерде коомдук тартипти бузуп же башка кылмыштарды жасашса, сот чыгарган 4 жылга жаза абагына кесүү чечими автоматтык түрдө күчүнө кирмекчи.
Эскерте кетсек, 25-мартта УКМКнын алдындагы Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары кармалгандардын 12сине "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.