Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаров бир туугандарынын камалышынын себебин айтты.
"Мени камакка алгандан кийин бир туугандарымдын, балдарымдын камалышы бул саясат. Элди көтөрүп митингдерди уюштурбасын деп аларды да камашты. Бул бийликтин көрсөтмөсү. Бул иштин баарын УКМК өзү уюштурган. Мен көтөргөн "Кумтөр" жеке менин кызыкчылыгым эмес. Ошол эле соттордун, саруулуктардын, жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгы. Мен билем, сиздерге, сотторго Ак Үй тараптан кысым болуп жатат. Мейли, мени камагыла, мейли соттогула, бирок адилеттүүлүк үчүн, жылдар өткөндөн кийин айта жүргөнгө акыйкат чечим чыгаргыла. Бүгүнкү күн менен жашоо бүтпөйт. Акыйкат орногон күн келет. Ошондо сотторго кысым көрсөткөндөр күнөөнүн баарын сиздерге оодара салышат. Ошондуктан жүрөгүңүздөр менен адилеттүү чечим чыгаргыла. Ал үчүн иш боюнча камакта жаткан күбөлөрдү суракка чакырсаңар соттор сиздердин чапаныңыздарды чечип албайт", - деп билдирди Жапаров.
Отурумдун жүрүшүндө Жапаров Эмил Каптагаевди 2013-жылы 7-октябрда өткөн митингде барымтага алуу боюнча сүйлөшүү болгонун билбестигин айтты. Ошол эле учурда митингди каржылоого 80 миң сом эмес 80 тыйынга зар болуп, инисинин бөйрөгүн алмаштырууга акча керек болуп жатканын Садыр Жапаров кошумчалады.
Бүгүнкү күнгө белгиленген күбөлөр суралып бүттү, соттук отурум эртең уланат.